Тегерек стол - SEEMEP программасынын перезнтациясы
"SEEMEP" программасы – бул функционалдык инструмент катары мамлекетти башкарууда бир нече жеӊилдиктерди түзүп берет. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин, тактап айтканда министрлик, аймактык, жергиликтүү, райондук администрациянын ишмердүүлүгүн баалоого шарт түзөт.
2014-жылдын 24-мартында Прогрессивдүү демилгелер Фонду SEEMEP программасынын презентациясы тууралуу тегерек стол өткөрдү.
"SEEMEP" программасы – бул функционалдык инструмент катары мамлекетти башкарууда бир нече жеӊилдиктерди түзүп берет. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин, тактап айтканда министрлик, аймактык, жергиликтүү, райондук администрациянын ишмердүүлүгүн баалоого шарт түзөт. Ар түрдүү сценарий (жылдык, жарым жылдык, кварталдык, айлык жана күнүмдүк) боюнча анализ жүргүзүп, алардын учурдагы жана мурдагы ишмердүүлүгү тууралуу так маалыматты чыгарып, кандай ийгиликтерге жетише алгандыгын белгилеп, кандай перспективалуу долбоорлор учурда иштелип жаткандыгын көргөзүп, алардын учурдагы статусун тактап, мөөнөт жана рисктерин кабарлап, жыйынтыгына таасирин аныктап турмакчы. Бул программанын колдонулушу тематикага карата чектеле албайт. Бардык тармактардагы бардык маселелелерге ылайыктоо мүмкүн.
Дүйнө жүзүндө бул программанын аналогиясын 1400дөн ашуун мамлекекттик мекемелер колдонуп келишет. Ал эми 600дөн ашуун жергиликтүү бийлик системаларында да өз эффективдүүлүгүн далилдеп бүткөн. АКШ, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка. Ошондой эле, Вена, Эссен, Москва, Лондон, Фултон, Белгород, Люксембург, Дортмунд, Кейптаун, Токио, Нью-Йорк, Вашингтон, Йоханнесбург, Оттава, Тампико, Эдмонтон, Альбштадт, Голд Коуст сыяктуу шаарларда электрондук башкаруунун мыкты мисалы катары колдонулуп келет.
Программа "SEEMEP" - бул Фонддун бир долбоору. 2013-жылдын март айынан тартып, 2014-жылдын февраль айына чейин иштелип чыккан программа. Салымбеков Аскар Мааткабылов атайын SEEMEP изилдөө агенттигин негиздеген. Бул агенттиктин негизги максаты электрондук башкарууну коомго киргизүү жана мамлекеттик ишканалардагы иш процесстерин автоматташтыруу болуп саналат.
Тегерек столго коммуникация жана транспорт министрлигинин, Кыргызстан банктары союзунун, эл аралык демократияны жана парламентаризмди өнүктүрүү институту СНГ ассоциациясынын өкүлдөрү, жергиликтүү эксперттер жана эл аралык эксперт Питтсбург университетинен проф. Чунг Янг Ли катышышты.
SEEMEP изилдөө агенттигинин башкы мүдүрү Омуралиев Медер Нурданбекович, презентациянын автору, бул программанын негизги максаттарын, аткара турган милдеттерин, пайдалуу тараптарын деталдуу түшүндүрүп берди. Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде колдонулбагандыгына карабастан жеке ишкерлер секторунда чоӊ кызыгууну жаратып жатканын белгиледи. Анын себеби, ар бир башчы алдындагы кызматкерлердин канчалык эффективдүү иштеп жаткандыгын баалоонун жеӊил жолун жана отчеттордун ылдам берилүүсүн билүүнү каалайт, аны менен бирге так маалыматтарды каалаган учурда жеӊил алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кызыктар. Кагаз жүзүндөгү узак мөөнөттүү процесттерден экономия боло тургандыгын ачык түрдө көрүшүүдө деп билдирет Омуралиев. Мамлекеттик жетекчилер алдыда турган милдеттерди автоматташтырууга жол ачылары дагы бир ирет баса белгиленди.
Презентациядан кийин талкууга киришти. Берилген суроолор негиздүү жана конструктивдүү болуп, ар бир суроого так жооптор берилди. Лектор жолугушуулар кайсы мамлекеттик органдар менен болгондугун санап да берди. Ошону менен ар бир жолугушуунун жыйынтыгын да айтып жатып, бул программанын пайдалуулугун көрүп, колдогон органдар бар экенин жана кызматташтыкка даярдыктарын да айтып өттү. Жолугушуулар болуп өткөн мамлекеттик органдар: КР Президенттик аппарат, КР өкмөтүнүн аппараты, коммуникация жана транспорт министрлиги, Экономика жана өнүгүү министрлиги, финансы министрлиги, ГКНБ ж.б. Мисалы, Экономика министрлигинде колдонулган «Ландокс» документтердин айлануусун жеӊилдеткен программада SEEMEP программасынын айырмасы да ачыкталды. Бул программа маалыматтардын базасынан сырткары, индикаторлорго ээ, бюджеттик план түзүүгө көмөктөшөт, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө баа берет, ошондой эле аларга атайын паспорт чыгарып берет. Паспорттун өзгөчөлүгү бул кызматкердин иштөө мөөнөтүндө жасаган милдеттеринен сырткары өнүгүүгө кошкон жеке демилгелери баяндалат. Ошого жараша бул адам кийинки кызматка моралдык жактан көтөрүлүүгө укуктуу же таптакыр укугу жоктугун билүү мүмкүн. Программа тездик менен электрондук башкарууга өтүүгө жардам берет.
Катышуучулар презентациядан сырткары Питтсбург университетинин проф. Чунг Янг Линин, эл аралык эксперттин көз караш, ой-пикирин билүүгө да мүмкүнчүлүк алышты.
Доктор Ли көптөгөн чет мамлекеттик университеттердин ардактуу проффесору, ар башка мамлекеттерде оссоциациялардын мүчөсү. Ал Сеул улуттук университетинде бизнес куруунун негиздери боюнча билим алган. Индустриялык жана иштеп чыгуучу башкаруу системалары боюнча магистрдик билимин жана прикладдык математика боюнча Ph.D даражасын Айова штатында алган. Анын изилдөөлөрү эл аралык башкаруу жана технологиялык башкаруу багытында болгон. Анын кеӊеши боюнча, туура лидерлик сапат, ар тараптуу инфраструктура, техникалык сапаттуу билим алган кадрлар, региондор ортосундагы түшүнбөстүктүн жоюулушу гана мамлекетти стратегиялык өнүгүү жолуна алып келүүсү мүмкүн.
Бардык катышуучулар "SEEMEP" программасынын керектүүлүгүн жана ал автоматташтыруунун эӊ жакшы үлгүсү экендигине токтолушту. Мамлекеттик мекемелерге бул программаны тез арада киргизүү менен электрондук башкаруу системасынын мыкты жыйынтыктарга жетиштирээри айтылды.
Добавить комментарий