«Кыргызстандын жаш лидерлер» коомдук мектептин 3-агымынын ачылышы болуп ѳттү
Бишкек шаарындагы 22 ЖОЖдон бул агымга талапкер болгон 712 студенттин арасынан ѳзгѳчѳ сапаттары менен айырмаланган 100 талапкер, тандоонун бардык этабынан ийгиликтүү ѳтүшүп, үчүнчү коомдук мектептин эшигин ачышты.
Ѳнүккѳн ѳлкѳнү кѳргүң келсе, анда татыктуу жаштарды тарбиялоо керек демекчи, билимге суусаган акылман жаш муунга жакшы мүмкүнчүлүктѳрдү түзүп берүү зарыл. Андыктан, «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби, дал ушундай келечекке карай жаратман ойлор менен умтулган жигердүү жаштардын башын бириктирип, алардын билим куржунуна кошумча билим кошуу менен жаңы багыттарды ачып берүүдѳ.
Коюлган максатка жетүү үчүн, Фонд тарабынан 2014-жылы уюштурулган коомдук мектептин биринчи жана экинчи агымынын 3 айлык окуу курстарын ийгиликтүү аяктап, 2015-жылга жаңы күч менен долбоорду улантып, коомдук мектептин үчүнчү агымына жигердүү жаштарды конкурстук негизде тандап алды. Бишкек шаарындагы 22 ЖОЖдон бул агымга талапкер болгон 712 студенттин арасынан ѳзгѳчѳ сапаттары менен айырмаланган 100 талапкер, тандоонун бардык этабынан ийгиликтүү ѳтүшүп, үчүнчү коомдук мектептин эшигин ачышты.
2015-жылдын 2-мартында Кыргыз-Түрк Манас университетинин К.Тыныстанов атындагы жыйналыш залында коомдук мектептин үчүнчү жолку ачылуу аземи болуп ѳттү. Бул аземде Фонддун негиздѳѳчүсү А. Салымбеков жаш лидерлерге ѳз каалоо тилегин айтуу менен, керектүү маалыматтарды жазып алууга Фонд тарабынан атайын басып чыгарылган блокнотторду тапшырды. Ошондой эле, Фонддун башкы мүдүрү А. Жумадилов дагы ѳз учурунда жаш лидерлерди куттуктоо менен, алардан бул берилген мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууну жана ѳз ара ынтымактуу болуп, жакшы натыйжаларды кѳрсѳтүүгѳ чакырып кетти. Бул азем, коомдук мектептин алдынкы бүтүрүүчүлѳрүнүн атайын даярдаган концерттик программасы менен коштолуп, ачылыштын катышуучуларына жагымдуу маанай тартуулоо менен аякталды.
Добавить комментарий