Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Кыргызстандын жаш лидерлери жалпы ардагерлерге ыраазычылык билдиришти.

Кыргызстандын жаш лидерлери жалпы ардагерлерге ыраазычылык билдиришти.

«Форманы кийгенде согушту сездик»

Советтер Союзу. Ар улуттун өкүлдөрү ынтымактуу, бир үй-бүлөдөй бекем, чоң-ата, чоң-энелерибиз эскергендей, баары арзан, бекер, жыргал заман.

«Менин дарегим үй да эмес, көчө да эмес,

Менин дарегим – Советтер Союзу», -  деп обондуу ырда ырдалгандай, бардыгынын жалпы бир уясы – Советтер Союзу эле. Ушундай бейпил турмушту өткөрүп жаткан Советтер Союзунун жалпы жашоочуларына, учу-кыйыры кенен жайылган СССРдин чегине фашисттик Германиянын аскерлери кирип келди. Тынч жаткан шаарлар, уктап жаткан элдер дүрбөлөңгө түшүп, энелер уулдарын, жаш балдар атасын, кыздар жигиттерин көзүнүн жашын көл кылып, Ата-Мекенди коргоо үчүн аттанган эркектерди согушка жөнөтүп, кол булгалап кала беришти.

Согуш деген согуш. «Бир кадам да артка чегинбегиле!» - деген Сталиндин буйругу менен жан аябай согушушту. Тылда иштеп, сагынычтан ансыз да кыйналып турган энелер, кыз-келиндердин кээ бирине кара кагаз келсе, кээ бири уулунун дайынын таппай ого бетер кыйналышты. Акыры бир гана ЖЕҢИШ керек экенин билип, аягына чейин жакшы кабардан үмүтүн үзүшкѳн жок.

Согуш талаасы кара булутка айланып, кандар агып, ошого карабай жигиттер бири-бирине жардам берип, майданда да намысын сактап, эрдигин көрсөтүштү.

ЖЕҢИШ! УРА-А, БИЗ ЖЕҢДИК!

Жеңиштен үмүтүн үзбөгөн Советтер Союзуна, жеңиш менен кошо мурдагыдай жаркын жашоо кайтып келди.

Ушундай сценарий менен «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» Коомдук Фондусунун алдында түзүлгѳн «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенттери, 9-май Жеңиш күнүндө жалпы ардагерлерге чакан сценка тартуулап, таазим кылып, ыраазычылык билдиришти. Балдар, кыздардын жеткиликтүү аткарып беришинин таасириненби, же ага кошулуп өздөрүнүн согуш мезгилиндеги башынан өткөргөндөрү көз алдына келдиби, айтор, алдыда олтурган ардагерлердин көзүнөн жаш айланып, улам-улам бет аарчы менен сүртүп олтурганын байкадык.

Жаш лидерлердин 9-майга карата даярдыгы кандай өтүп, кандай сезимдер болгонун билүү үчүн катышуучулардан – Алсаитова Алтынай, Абдрахманова Мээрим, Тохтиев Нурсултан жана Канатова Жибек аттуу студенттер менен баарлашып көрдүк.

Абдрахманова Мээрим: «9-майга даярдануу жөнүндө бизге кеч айтылды. Кеч баштаганыбызга байланыштуу, калган убактыбызды кетирбей, түнкү 10-11лерге чейин даярданып жаттык. Чындыгында, 9-май Улуу майрам. Ошондуктан, чын эле ыйлагым келип аткардым. Мен аткарып жатып, өзүбүздүн эле аталарыбыз, байкелерибиз кетип жатканын элестетип: «Эгер азыр менин атам, байкем, же иним кетсе эмне кылмак элем» деп өзүм аркылуу өткөрүп, сездим. Эң башкысы, командабыз жакшы болуп, бардыгын чогуу ойлоп жаттык. Сценка бүткөндөн кийин өзүбүздүн кыздар-балдар дагы жакшы сөздөрүн айтып жатышты. Бул мени кубандырды».

Алсаитова Алтынай: «Менин экинчи билимим – шоу-программалар режиссеру. Кичинекей кезимден бери сценка койсом деп кыялданчумун. Ошондо эле чоң атамдын тизесине отуруп алып, согуш мезгили жөнүндө сурай берчүмүн. Чоң атам бардыгын көз алдына элестетип айтып жатса, менин да ыйлагым келчү. Жыл сайын 9-май күнү ардагерлерди куттуктап келе жатабыз. Биз команда менен чогуу иштеп, сунуштарды айтып, аягында бир пикирге келдик. Башында бир-эки күн балдар образга кирбей жатканда, сүрөт, фильмдерди алып келип көрсөтсөм, сезишти окшойт, жакшы аткара башташты. Баарынан да, ошол Совет учурун вальс ачып кетти. Ал эми музыкасын Жибек экөөбүз даярдадык. Ардагерлердин алдында аткаргандан кийин, эки-үч ардагер келип, кучактап ыйлады. Мага бул башкача сезимдерди калтырды».

Тохтиев Нурсултан: «Сценкага катышкан жигиттердин баары согушка кетишмек, сценарий боюнча. Согушка кетип, согушуп жаткандарды жеткиликтүү аткардык деп ойлойм. Даярданып жатканда образга анча кире албасак, форманы кийгенде согушту сездик. ϴзүбүздү чын эле аралашып, согуш талаасында  жүргөндөй сезим менен аткардык».

Канатова Жибек: «Убакыт аябай эле аз болгондуктан, катуу даярдандык. Мен дарыгердин ролун аткардым. Мурда эч бир роль аткарбасам да, образга кирүү кыйын деле болгон жок. Биз аткарып жатканда ыйлап, көз жашын арчып отургандарды да байкадым».

Ата Мекен үчүн, эл-жер үчүн, келечек үчүн жан аябай күрөшүп, согушуп, бүгүнкү жаркын заманды алып келгендиги үчүн бардык ардагерлерге терең таазим кылып, ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүбүз!

ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!

 

Болотбек кызы Жылдыз,

«Кыргызстандын жаш лидерлери»  коомдук мектебинин окуучусу,

КНУнун студенти.

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо