Коомдук мектептин V агымынын алгачкы тренингдери ѳткѳзүлдү
Катышуучулар тренинден кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алып, кийинки тренингдерди чыдамсыздык менен күтүп жатканын билгизишти.
2016-жылдын 9-мартында Кыргыз Экономикалык Университетинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымынын катышуучуларына «Ѳзүн ѳстүрүү үчүн мотивацияны жогорулатуу» атту алгачкы тренинг ѳткѳзүлдү. Тренингди «M-Vector» Консалтинг Агенствосунун менеджери, «Жүрөк менен угуу» коомдук фондунун жетекчиси жана тренер Татьяна Кан ѳткѳзүп, жаш лидерлерге коркуу сезимден кантип арылуу керектигин жана мотивацияны кантип жогорулатуунун жолдорун айтып берди.
Ал эми 10-март күнү «Кантип лидер боло алам?» аттуу тренингди жаш окумуштуулар арасындагы «Акыл Тирек» сыйлыгынын лауреаты жана Кыргыз Улуттук Университетинин мугалими Батма Кошбакова ѳткѳздү. Катышуучулар тренинден кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алып, кийинки тренингдерди чыдамсыздык менен күтүп жатканын билгизишти.
Учурдан пайдаланып, Фонд Татьяна Канга жана Батма Кошбаковага жаштарды колдоп, балдарга мотивация бергени үчүн ыраазычылык билдирет.
Добавить комментарий