Коомдук мектептин "Лидерлик сапатыӊды өркүндөт" темасындагы биринчи тренинги болуп өттү.
Кыргыз Экономикалык Университетинде 24-март күнү коомдук мектептин “Лидерлик сапатыӊды өркүндөт” темасында биринчи тренинги болуп өттү.
Кыргыз Экономикалык Университетинде 24-март күнү коомдук мектептин “Лидерлик сапатыӊды өркүндөт” темасында биринчи тренинги болуп өттү. Коомдук мектептин ачылышын Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди Жумадилович ачып берди. "Жаштардын өз билимин жана маданий, руханий, нравалык өнүгүүгө болгон умтулуусуна мотивация берүү. Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана аларды практикада колдонууга шарт түзүү менен мамлекеттин жаркын жаш элитасын түзүүгө салым кошуулары керек экендигин" айтып өттү. Студенттер активдүү катышышты.Тренингди Омүркулова Чынара Мукановна Кыргызстандагы IREX өкүлчүлүгүнүн директору окуду. Билим берүү жана өнүктүрүү боюнча 25-жыдык стажы бар жана административдик жана программдык лидерлик боюнча адис. Студенттер абдан кызыгуу менен угуп, суроолорун узатышты. Абдан кызыктуу болуп өттү.
Добавить комментарий