Мамлекет жана жеке ишкерлердин ортосундагы кызматташтык маселелери боюнча Жумушчу топтун ачык отуруму
Мамлекет жана жеке ишкерлердин ортосундагы кызматташтык маселелери боюнча Жумушчу топтун ачык отуруму: мамлекеттик мекемелер жана коомчулуктун ортосунда биринчи диалог болуп өттү.
Мамлекет жана жеке ишкерлердин ортосундагы кызматташтык маселелери боюнча Жумушчу топтун ачык отуруму: мамлекеттик мекемелер жана коомчулуктун ортосунда биринчи диалог болуп өттү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун офисинде 2013-жылдын 28-июнунуда саат 15.00дө Кыргыз Республикасынын экономика, финансы, транспорт министрликтеринин өкүлдөрү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу Фонду, ошондой эле Бишкек шаарын өнүктүрүү агентствосу, Азиялык өнүгүү Банкы, Соода, өнөр-жай палатасы, «ЖИА» жаш ишкерлер ассоциациясы, жеңил өнөр жай ассоциациясы, КМЮА, КЭУ менен жолугушуу болду.
Жолугушууда 2 негизги маселе каралды: 1) «Кыргыз Республикасында мамлекет жана жеке ишкердик ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы» аттуу Коомдук документти таанытуу; 2) Коомдук документ боюнча эксперттик көз караш, сынды алуу.
Жолугушуунун өзгөчөлүгү Фонд биринчи жолу мамлекеттик органдарды диалогго чакырып, жогорудагы маселе боюнча өз позициясын билдирди. Маалымат алмашуу учурунда алгачкы сунуштарды мамлекеттик органдар тарабынан ала алды, аны менен бирге Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу ой-пикирлерди да уга алды.
Жолугушууну Фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов ачты. Сөзүндө Фонддун негизги ролу - көпүрө тактап айтканда, мамлекеттик мекемелер менен жеке сектордун ортосундагы көпүрө экенин баса белгилеп кетти. Аны менен бирге Фонд бул жолугушууда алгачкы иштеринин үзүрүн сунуштаарын билдирди. 2013-жылдын 19-июлунда Коомдук Форум өткөрүлүп, бардык коомдук документтер элге таанытылаары да билдирилди.
Жумушчу топтун башчысы Орозбаев Кылыч Орозбаевич жолугуушуну максаты – жасалган иш боюнча эксперттик сунуштарды алуу экенин дагы бир жолу белгилеп, мамлекеттик мекемелер менен конструктивдүү диалог курууга жасалган кадамдар экенин да айтып өттү. Коомдук документтин эскиз структурасын түшүндүрдү.
Жумушчу топтун курамындагы Алкадырова Ч., Турдалиева А., Абдиева Р., Омурбекова М., Нажимудинова С., Мурзаева К. коомдук документти толук ачып беришти.
Төмөнкү сунуштар берилди: Абакиров Э К. - «ЖИА» оссоциациясынын резвизиялык коммисиясынын жетекчиси Фонддун «Акыл Кубаты» программасынын уникалдуулугун айтуу менен мамлекет жана бизнес сектордон бул документтерди иштеп чыгууга да эксперттерди тартууга үндөдү.
Фонд менен кызматташууга даяр экендигин билдирген коноктор конкреттүү сунуштарды беришип, кээбир маселелер боюнча толук маалыматтарды ала алышты.
Жыйынтыгында жолугушуу бардык катышуучуларга пайдалуу болуп, мамлекет менен жеке ишкерлердин ортосундагы кыщматташтык боюнча ар түрдүү көз караштардын бар экенин көрсөттү. Эң негизгиси мамлекеттик мекеме жана башка тажрыйбалуу коноктор кызматташтыкка барууга жана бирге иштешүүгө даярдыктарын билдирүүсү менен жолугушуу максатына жетти деп айтууга болот.
Добавить комментарий