Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңүү маселеси боюча Жумушчу топтун ачык отуруму
2013-жылдын 15-июлунда саат 15.00дө Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун конференц-залында аталган маселел боюнча Коомдук документ тууралуу ачык отурум болуп өттү.
Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңүү маселеси боюча Жумушчу топтун ачык отуруму
2013-жылдын 15-июлунда саат 15.00дө Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун конференц-залында аталган маселел боюнча Коомдук документ тууралуу ачык отурум болуп өттү. Ал Коомдук документ «Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңип чыгуу жолдорунун граждандык платформасы» деп аталат. Талкууга илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, эксперттер, Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиянын өкүлү жана Улуттук Коопсуздуктун Мамлекеттик Комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын өкүлү катышышты.
Күн тартипте эки суроо коюлду:
1. «Граждандык платформа: коомдогу терс көрүнүштөрүн жеңүү жолдору» Коомдук документтин эскизинин танытуу;
2. Коомдук документтин таанытуусу боюнча эксперттик ой.
Жумушчу топтун башчысы Ракимбаев Э.Н. өзүнүн кириш сөзүндө ачык отурумдум негизги максаты жалгыз гана Коомдук документинин долбоорунун презентациясы эмес деп айтып кетти. Анын айтымында, көрсөтүлгөн жумушту баалоо жана Коомдук документтин акыркы версиясын «Акыл Кубаты» Коомдук форумуна көргөзүүгө сунуш кылуу жана иштеп бүтүү болуп саналат. «Акыл Кубаты» форуму 2013-жылдын 19-июлунда болмокчу. Андан кийин Ракимбаев Э.Н. жумушчу топтун мүчөлөрүн тааныштырып кетти. Жумушчу топтун мүчөлөрү Атабекова Н.К., Абрасулов С.М., Алымкулова А.С. Коомдук документтин долбоорунун төмөнкү бөлүмдөрү боюнча презентация кылып кетишти:
1. Укуктук мамлекети куруу жана Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукка жетишүү;
2. Жалпы мамлекеттик байлыктар;
3. Коррупция: анализ жана төмөндөтүү жолдору
Ошентип, Коомдук документтин максаты бул коомдун аң-сезимине укуктук мамлекетти куруу, толук жана милдеттүү түрдө тутуу идеясын сиңдирүү, мыйзам аткаруу жана колдонуу, улуттар жана дин аралык мамилелерди гармонияга алып келүү, улуттук, диний, тил, маданият, профессионалдуулукту сактап калуу жана өнүктүрүү, Кыргыз Республиканын жалпы мамлекеттик байлыктардын негизин түзүү жана Кыргыз Республикасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө түрткү берүү.
Долбоордун презентациясы ачык отурумдун катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну жаратты, активдүү талкуу башталып, дурус баалар, иштиктүү критика, алдын ала сунуштар айтылган. Көптөгөн катышуучулар үч бөлүмдүн рекомендациялары боюнча иш күчөтүүнү жана документтин кээ бир жерлерин иштеп бүтүрүүнү сунуш кылышты.
Жумушчу топтун мүчөлөрүнө айкын рекомендацияларды алганга жакшы себеп болду. Алар Коомдук документ боюнча кийинки ишинде эске алаарына убада беришти.
Прогрессивдүү демилгелер фондусу ачык отурумдун конокторуна активдүү катышкандарына ыраазычылыкты билдирет. Фонд мындан аркы коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңүү боюнча аракеттер натыйжалуу жана эффективдүү болушуна үмүттөнөт.
Добавить комментарий