МУК жана БФЭАнын студенттери менен Фонддун жолугушуусу
13-14 февралда Кыргызстандын Эларалык Университетинин жана Бишкек Финансы Экономикалык Академиянын студенттик кенешинин төрагалары жана алардын студенттери менен Прогресивдүү Демилгелер Фонду жолугушуу өткөрдү.
Өткөрүлгөн жолугуушууда Фонддун проект менеджерлери МУК жана БФЭА студенттерине эки программа боюнча толук маалымат берди: 1) “Ак Дил” айкөлдүк кыймылынын жалпы улуттук, жаратман программасын; 2) “Кыргызстан жаш лидерлери” коомдук мектеп. Жаш ахлак-адептүү жаштардан турган команданы түзүү жана масштабдуу коомдук акцияларды ишке ашыруу үчүн, өлкөнүн бардык жаш патриотторуна, активисттерине жана энтузиасттарына жаратман улуттук программаны презентациялоо өткөн жолугушунун максаты болду.
Мындан сырткары активдүү студенттер өз алдынча жашоого даяр болуусу үчүн жана алардын эмгек кылууга ийкемдүүлүгүн жаратуу максатында фонддун менеджерлери экинчи “Кыргызстан жаш лидерлери” программасы боюнча презентазия кылышты. Жогоруда айтылган жолугушууда эки ЖОЖдон 200гө жакын студенттер катышышты. Студенттер эки программа боюнча өздөрүнө кызык болгон суроолорду берип, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшктү. Андыктан, презентация аяктагандан соң жолугушуунун катышуучулары эки программага катталып башташты. Өзгөчө БФЭАнын студенттери жана алардын студенттик кенешинин төрагасы, жолугушууну так өткөрүп жогорку активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.
Добавить комментарий