Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Коомдук мектептин 28-апрелден 3-майга чейин өтүлгөн тренингдер

«Кыргызстандын жаш лидерлери» Коомдук мектебинин 28-апрелден 3-майга чейин өтүлгөн тренингдер

«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» Коомдук Фондусунун астында түзүлгөн «Кыргызстандын жаш лидерлери»  коомдук мектебинде билим алып жаткан кыздар жана балдардын таанышып, чогуу окуп, дос болгондоруна бир айдан ашты. Бир айдан ашык убакыт ичинде студенттер өздөрүнүн жашоосунда өзгөрүүлөр, жылыштар болуп жаткандыгын жакшы пикирлер менен билдирип келишет. Окуунун жүрүшү тууралуу эске сала кетсек, биринчи жумада 100 студент биригип лекция угушса, кийинки жумада төрт топко бөлүнүп ар башка темада тренингдер, мастер-класстарга катышып келишет.

     Өткөн аптада 28-апрелден 3-майга чейин башында бөлүнгөн топтор боюнча ар бир топто өзүнчө тренингдер өткөрүлдү. Маселен, 1-топко жуманын биринчи, экинчи күндөрү «Өздүк акчаны жана үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу», «Баалуу кагаздар рыногу» деген темаларда тренинг өткөрүлсө, үчүнчү күнү жеке инвесторлор клубу «Сентиге» практикага барып келишти. Бул тууралуу  1-топтун студенти Чапаев Ардак өз пикирин мындай деп билдирет: «Тренинг кызыктуу жана пайдалуу болду. Биринчиден, жеке бюджетти кантип башкарууну; экинчиден, финансылык эркиндикке кандай жолдор менен жетүүнү үйрөндүм. А үчүнчүдөн, тренинг практикалык иштер менен кызыктуу, интерактивдүү өтүлдү. Анан да, ар бирибизге берилген диск менен китепчелер да жардам берип жатат».

   Ушул эле жумада 2-топко эки күн «Азыркы маркетингдин негиздери» деген темада тренинг өткөрүлүп, 3-куну 3 сааттык «Мен ким боло алам?» деген тема менен мастер-класс болду. Бул топтун окуучулары тренингдер жана мастер-класс абдан кызыктуу болгондуктан убакыттын кантип өтүп кеткенин да байкабай калышканын айтып, тренерлер – Е.Чигибаева менен М.Журинага ыраазычылыктарын билдиришти. Кызыктуу тренингдерден кийин, жуманын аягында «Хаятт» мейманканасына саякатка чыгып келишти. Кыргызстандагы жалгыз беш жылдыздык мейманканага саякатка барып, ар бир номерлердин ичине кирип көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү үчүн студенттер чын дилинен кубанышты.

   Ал эми 3-топ уч күн 3 сааттык «Бизнес-план жазуу» деген темада тренингге катышышты. Бул жөнүндө студент Кеңешбеков Дастан: «Мага тренинг жакты. Тренерди угуп отуруп, өзүмдү жеке ишкер катары сездим. Чындыгында, 3 күн жетпей калды. Өзүм да финансист эмес, инженермин. Бирок, 3 күн ичинде көп эле тажрыйба алдым десем болот. Анан да, дагы көп нерселерди сурап туруу үчүн Нургуль Алыбаева менен мындан ары да байланышта болууга аракет кылабыз. Бизнес-планды жазганды үйрөндүм. Буюрса, 1-2 жылдан кийин бизнес ачсам болот», - деген пикирин билдирип, сөзүнүн аягында: «Негизи, теорияны билет экенмин. Практикалык иштер көбүрөөк болсо дейт элем» - деген сунушун да кошо кетти. Бизнес-планды жазуу, бизнес ачууда практикалык иш менен  майда-чүйдөсүнө чейин эсептеп, өз ич ара топ-топ болуп иштеп, айтор, бул тема бардыгына бирдей жагыптыр. Сөзум куру болуп калбашы үчүн дагы бир катышуучу студенттин оюн билсек: «Мага баарынан да өз тобубуздун ичинде дагы топ-топ болуп бөлүнүп иштеген кызыктуу болду. Анткени, ар бир тайпа өзүнүн идеяларын сунушташты. Тайпалар ойлоп тапкан бизнес-идеяларды толугу менен иш жүзүнө ашырса болот деп айтпасак да, кыялдын чеги жок деп айтар элем. Балдар, кыздардын оптимисттиги, ишеними мени кубандырды», - дейт Абдувалиева Айсулуу аттуу студент.

    Жүз студенттин 25 студенти бөлүнгөн 4-топко бул жумада баарыбызга эн керектүү жана пайдалуу «Чечендик өнөр» деген темадагы тренингди тренер Лилия Утюшевадан алышты. Бардыгына бирдей жакканын ар биринен уга алдык. Анткени, Лилия Утюшева келечектеги лидерлерди эл астына ийгиликтүү кылып суйлөтүү үчүн, ар кандай методдор менен үйрөтүүгө аракет кылып, позитивдүү маанай тартуулап кеткенин жылмаюу менен айтышты.

     «Коомдук мектептеги» жума ичинде келечек  лидерлердин кандай билим алып, катышып жаткандыгынан маалымат болду. Ар бир күн сайын ары кызыктуу, ары пайдалуу сабактардын өтүлүп жатышы студенттердин андан ары да өсүүсүнө, өзүн-өзү өнүктүрушүнө түрткү болооруна шек жок.   

          

Болотбек кызы Жылдыз,

«Кыргызстандын жаш лидерлери»  коомдук мектебинин окуучусу,

КНУнун студенти.                                                            

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо