VII Дүйнөлүк «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» фестивалы
Фестивальды белгилүү укук коргоочу Толекан Исмаилова негиздеген «Бир Дүйнө Кыргызстан» атту укук коргоо кыймылы уюштурган. Фестивальдын ачылышында куттуктоо сөздөрү менен Бишкек шаарынын мэри И. Өмүркулов жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков чыгышты.
18 сентябрь 2013 жылы чет элдик донорлордун Прогрессивдүү Демилгелер Фонддун жана Бишкек шаарынын башкармалыгынын жардамы менен VII Дүйнөлүк адам укуктарын баяндаган документтик фильмдер боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» аттуу фестивалынын ачылышы жарыяланды.
Фестивальды белгилүү укук коргоочу Толекан Исмаилова негиздеген «Бир Дүйнө Кыргызстан» аттуу укук коргоо кыймылы уюштурган. Фестивальдын ачылышында куттуктоо сөздөрү менен Бишкек шаарынын мэри И. Өмүркулов жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков чыгышты. Бул жылы фестиальды уюштурганга Бишкек шаарынын башкармалыгы жана Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жардам көрсөтүштү. Толекан Исмаилованын сөзү боюнча, Кыргызстандын тарыхында кинофестиваль биринчи жолу бизнес чөйрөдөн колдоону көрүүдө. Бул көрүнүш жакшы үлгү болуп, коомго тенденция болуп калууга зарыл.
Добавить комментарий