Фонддун 20, 21 жана 25 февральда өткөн жолугушуулары
20, 21 жана 24- февралда Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Чыгыш университети, Чүй университети жана Кыргыз-Түрк «МАНАС» университетинин студенттери менен жолугушуу уюштурду.
20, 21 жана 24- февралда Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Чыгыш университети, Чүй университети жана Кыргыз-Түрк «МАНАС» университетинин студенттери менен жолугушуу уюштурду.
Жолугушууларда көбүнчө ортоңку курста окуган студенттер катышышты. Чыгыш жана Чүй университеттеринде “Ак Дил” жана “Кыргызстандын жаш лидерлери” аттуу долбоорлор тууралуу, Фонддун долбоор менеджерлери, Нуржан Турсуналиева жана Бегимай Сейталиева айтып беришти. Ал эми Кыргыз - Түрк «МАНАС» Университетине, Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов баш багып, белгиленген эки долбоорго кирүү жана катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу студенттерге айтып берди. Жолугушуулар көнүлдүү, жылуу мамиледе өттү, студенттер өз кезегинде активдүү катышып, долбоорлорго кызыккандыктарын көрсөтүштү.
Фото галерея
Добавить комментарий