Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

ВВС, интервью исполнительного директора Жумадилова Эсенгелди

4 июня 2014 года на радио ВВС состоялось интервью с исполнительным директором Фонда Жумадиловым Эсенгелди

Э.Жумадилов: Кыргызда коомчулукка көрүнбөгөн илимдүү жаштар көп

 

“Прогрессивдүү демилгелер” фондунун аткаруучу директору Эсенгелди Жумадилов

Кыргызстанда “Прогрессивдүү демилгелер” аттуу фонд экономика, башкаруу, социалдык тармак жана илим багытындагы ачылыштардын сынагын жарыялады. “Акыл тирек” деп аталган бул жарыш өлкөдөгү жаш илимпоздорду жана саясатчыларды иргеп алуу жана коомчулукка таанытууну көздөйт.

Акыл жарышына Кыргызстандын 23 жаштан жогорку атуулдары катыша алат. Уюштуруучулар баш байгеге жарым миллион сом бөлүшүүдө. Бул долбоор жакынкы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнө кулач жайып, аймактагы “Нобель” сыйлыгына тете демилге болуп калышы мүмкүн дешет алар.

Фондду “Эмгек” партиясынын лидери, Кыргызстандын эң бай адамдарынын бири Аскар Салымбеков каржылап келет. Андай болсо, бул өнөктүк бара-бара саясий түстөгү кыймылга дагы айланып кетиши мүмкүнбү? Кабарчыбыз Ибраим Нуракун уулу “Прогрессивдүү демилгелер” фондунун аткаруучу директору Эсенгелди Жумадиловду кепке тартты.

Эсенгелди Жумадилов: Биздин негизги максатыбыз жаш илимпоздорго демөөр көрсөтөлү деп жатабыз. Алардын жасаган эмгектерин калк бааласа дейбиз. Себеби, өнүккөн мамлекеттердин бардыгын эле алып карап көрсөк, өнүгүүнүн өзөгүндө ар дайым адам ресурстары турат. Бизде болсо, адам ресурстарына маани берилбейт. Андыктан, биз мамлекетке жардам берели, өнүгүүгө көмөктөшөлү деп “Акыл тирек” конкурсун уюштуруудабыз.

Би-Би-Си: Кыргызстанда сиз айтып жаткандай өлкөнү алдыга тартып кете алчу адам ресурстары бар бекен?

Эсенгелди Жумадилов: Бул конкурс экинчи жолу өтүп жатат. Алгач баштаганда дал ушул суроо бизди дагы ойлондурган. Кыргызстанда университеттерде билим берилбейт, билим жок, жаштар билимге кызыкпайт, чет мамлекеттердегидей терең изилдөөлөр жүргүзүлбөйт, андыктан бизде адам ресурсу боюнча эч кандай потенциалыбыз жок деп айтышкан эле.

Бирок, өзүбүз дагы таң калдык, күтүүсүз болду: Кыргызстанда өсүп келе жаткан, коомчулукка көрүнбөгөн илимдүү, билимдүү жаштар абдан көп экен. “Акыл тирек” сыйлыгына талапкер болгон окумуштуулардын 40 жашка чейинкилеринин арасында Германияга чейин барып чоң сыйлыктарды алгандар болду. Алардын бири Казакстандагы Назарбаев атындагы университетке чакырылды.

Уюштуруучулар баш байгеге жарым миллион сом бөлүшүүдө. Бул долбоор жакынкы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнө кулач жайып, аймактагы “Нобель” сыйлыгына тете демилге болуп калышы мүмкүн дешет алар.

Алар биз Германияга, Казакстанга барсак кол чаап тосуп алышат, ал эми Кыргызстанга келгенде бизди караган эч ким жок деп айтышат. Алдыда жүргөн агаларыбыз биздин жаш муунга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Азыр илимде болбосун, саясатта болбосун ким көбүрөөк кыйкырса эле төрдө олтурган салт болуп калды.

Би-Би-Си: Кыргызстандагы илим-билимдүү жаштар кайсы тармактарда активдүүлүгүн көрсөтө алышы ыктымал?

Эсенгелди Жумадилов: Биз өткөн жылы эки эле багыт боюнча – экономика жана мамлекеттик башкаруудагы ачылыштарга сынак жарыялаган элек. Бирок, бизге табигый так илимдер боюнча дагы эмгектер келип түштү.

Анын ичинде электр кубатын эсептеген жаңы аппараттар, тоо туризмин өнүктүрүү үчүн боз үйлөрдү жыйырма метр бийиктиктеги абада көтөрүп турган технологияларды ойлоп тапкандар болду. Бирок, бул сыяктуу балдар өзүнүн ойлоп тапкан иштерин патенттөөгө дагы каражаты жок болуп жатат.

Би-Би-Си: “Акыл тирек” долбоорун белгилүү бизнесмен жана саясатчы, “Эмгек” партиясынын лидери Аскарбек Салымбеков каржылап жатыптыр. Бул демилге бара-бара саясий өнөктүккө айланып кетпейби?

Эсенгелди Жумадилов: Биз коомдогу жоопкерчиликтүү атуулдардын тобун пайда кылалы, илим-билимдүү жаш элитаны түзөлү жана улуттук идеологиябызды түптөйлү деген мүдөө менен иштеп жатабыз.

Ал эми “Акыл тирек” аркылуу башкаруу жана илим тармагында ийгиликке жетишкен жаштар өзү каалаган жолду тандашат. Аларга биз саясатка аралашпа же аралаш деп көрсөтмө бере албайбыз.

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо