"Акыл Тирек" конкурсунун биринчи этабы жыйынтыкталды.
2013-жылдын 20-апрелинен тартып Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Бүткүл Дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсуна илимий эмгектреди кабыл ала баштаган.
"Акыл Тирек" конкурсунун биринчи этабы жыйынтыкталды.
2013-жылдын 20-апрелинен тартып Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Бүткүл Дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсуна илимий эмгектреди кабыл ала баштаган. 2 айдын ичинде Фондко 68 илимий изилдөө эмгектери: экономика (28) жана мамлекеттик башкаруу (40) багыттарында келип түшкөн. Учурда алгачкы экспертизадан бул эмгектер өтүп жатышат. Бул кадамдан өткөн эмгектер комплекстүү экспертизадан өтүп, жеңүүчүлөрдүн аттары «Акыл Тирек» салтанатында ачыкталат. Салтанат сентябрь айынын башында болмокчу. Жеңиш Фонду биринчи орунга 10 000 долл. США, экинчи орунга - 7 000 долл. США, үчүнчү орунга – 5 000 долл. США.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнөн сырткары ЖОЖлардан жана Илим Академиясынан сунушталган номинаттар да сыйланат. Бардыгынын аттары «Акыл Тирек» китебине киргизилет.
«Акыл Тирек» сыйлыгын бир гана конкурстун жеңүүчүлөрүнө эмес, жаш окумуштууларды колдоо үчүн да максатталган. Коомдогу жаңы ысымдарды, жаңы мыкты адамдарды колдоо менен илимдин жана жаштардын илимге кызыгуусун арттыруунун бирден бир жолу болуп саналат. Фонд ушундай максаттарды көздөө менен жаш реформаторлорго «Акыл Тирек» китебине ысымдарын ташка тамга баскандай жаздырып, сыйлыкты тапшыруу менен ыраазычылыгын билдирет.
Албетте, конкурстун жеңүүчүлөрү жана алардын илимий эмгектерин андан ары ишке ашыруу үчүн Фонд колдоосун улантат.
Добавить комментарий