Наверх
  • 0 (312) 620921

Бөлүм тууралуу

Улуттук краудсорсинг–платформасы

«Идеялардын генерациясы процесси» «Биз «Кыргызстандын Идеялык Картасын» түзөбүз» долбоорунун жана сайттын уникалдуу бир бөлүгү болуп саналат. Ал коомдук маанилүү маселелерге Краудсорсинг кылуу үчүн багытталган жана бул процессти маалыматтык-аналитикалык портал аркылуу координациялайт. Ал эми бул портал өз кезегинде прогрессивдүү жаратмандык демилгелер менен кооом жана мамлекеттин ортосундагы байланыш көпүрөсү болот.

Краудсорсингге катышуунун негизги эреже-жоболору:

Краудсорсинг- коомдук маанилүү маселелерди

көптөгөн компетенттүү атуулдардын колдоосу

менен чечүү жана бул ишмердүүлүктү

маалымат технологиялары

 менен координациялоо. 

 

Урматтуу «идеялардын генерациясы процессинин» катышуучулары!

«Идеялардын генерациясы процесси» «Биз «Кыргызстандын Идеялык Картасын» түзөбүз» долбоорунун жана сайттын уникалдуу бир бөлүгү болуп саналат. Ал коомдук маанилүү маселелерге  Краудсорсинг кылуу үчүн багытталган жана бул процессти маалыматтык-аналитикалык портал аркылуу координациялайт. Ал эми бул портал өз кезегинде прогрессивдүү жаратмандык демилгелер менен кооом жана мамлекеттин ортосундагы байланыш көпүрөсү болот. 

Бүгүнкү күндө  Кыргыз Республикасында ой-пикир жана идеялар менен продуктивдүү алмашуунун, талкулоонун, мамлекеттин  стратегиялык документтерин түзүүнүн институту жок экени, башкаруу документтери эч кандай терең изилдөөсүз, анализсиз 10 адамдан турган группа тарабынан түзүлөөрү баарыбызга маалым, ошондуктан Форум эффективдүү институт катары эң мыкты акыл- ойлорду, демилгелерди  тандоочу, коомдук стратегиялардын элеги болуп, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүгө жана стратегиялык документтери даярдоого коомдун калың катмарынын катышуусун камсыздайт: саясатчылар, жөнөкөй эл, бизнес чөйрөсү, илимий жана коомдук ишмерлер.

Натыйжада интернет аянттагы жоопкерчиликтүү, профессионалдуу адамдар гана стратегиялык маанилүү долбоорду даярдоого катышышат. «Бөлүм тууралуу» бөлүмүндө айтылгандай бул долбоорлор өз кезегинде үч стадияны өтөт.


Краудсорсингге жетүүнүн негизги кадамдары:

«Стратегиялык документтер» бөлүмүнүн «Активдүү темалар» маалыматтык  бөлүгүндө Краудсорсинг тууралуу темалар администраторлор тарабынан жарыяланып турат. Бул тематика аркылуу сайтка кирүүчүлөр активдүү түрдө Краудсорсингге катыша алышат жана өз идея, демилгелерин,  контридеяларын калтырып, добуш да бере алышат. Форумдун эрежелери менен бул жерден таанышууга болот.  Форумдун эрежелери боюнча бардык бөлүктөр ачылбайт, ал бөлүктөрдү активдештирүүнүн этаптары бар.

Краудсорсингдин бир айынын жыйынтыгында «Маселелер» бөлүгүндө Форумдун катышуучулары тарабынан актуалдуу, маанилүү көйгөйлөр такталат. Андан соң «Башка өлкөлөрдүн тажрыйба жана практикасы» аттуу бөлүм активдештирилет. Бул бөлүмдө белгилүү бир маселе боюнча тажрыйбаларды топтошот.

Кийинки кадамда катышуучулар белгилүү маселени чечүү жолдорун жана интсрументтерин такташат.

Жогорудагы этаптардан кийин катышуучу мамлекетти өнүктүрүү багыттарынан приоритеттүү болгонун божомолдоп, темада белгилейт. Акыркы бөлүм чечүү жолдорунун эффективдүүлүгүн сандык көрсөткүчтөр менен толуктап берет.

Краудсорсингдин жыйынтыгында долбоордун эксперттер командасы тарабынан  стратегиялык документ түзүлөт. Бул  стратегиялык документ Форумдун катышуучулары жана чакырылган кызыгуучу адамдар тарабынан талкууга алынат.  (булар менен  «Бөлүм жөнүндө» танышууга болот. ссылка).

Форумга катышуунун алгоритми:

 «Стратегиялык документтерден»  «Активдүү краудсорсинг» ссылкасына өтүп, керектүү бетке киребиз.  Ал эми процесске катышуу үчүн «Иштеп чыгуу процессине катышуу» ссылкасын басып,  Краудсорсинг инструкциясы менен таанышып, Кирүү/ Катталуу командалары аркылуу Форумга түздөн-түз катышабыз.

Форумга катталуу үчүн Форумдун шарттарын кабыл алып, каттоо картасынын тиешелүү жерлерин толук толтурабыз. Каттоону тастыктагандан соң кандидат модератор тарабынан Форумдун катышуучусу катары катталат.


Каттоо жана катышуучунун профайлын оңдоо. Өздүк кабинет:

Каттоодон өткөн соң катышуучу өзүнө ник (ысым) тандайт жана аны өзгөртө да алат.

Ник:

- башка сайттарга ссылка болбошу керек, ошондой эле уят сөздөр жана башка катышуучунун ник атына окшошуу болбош керек;

- Форумда добуш берүү жана постторду жазуу үчүн башка бирөөнө таандык аккаунтту колдонууга тыюу салынат;

- 2 же андан ашык аккаунтту кезеги менен колдонууга тыюу салынат.

Профайлды толук жана ишенимдүү кылыш үчүн фотография (аватар) коюуга уруксат берилет.  

Аватар:

- зордук-зомбулукка чакырыктарды, туура эмес маалыматты, мыйзамды бузуну камтыган аватарларды коюга тыюу салынат;

- аватар бир гана катышуучунун сүрөтүн камтыш керек. 

Өздүк  кабинет – бул Форумдун атайын бөлүмү, бул катышуучунун гана интерактивдик  сервиси болуп саналат.  

Бул милдеттүү каттоо өздүк  аккаунтту алууга негизги жол б.а  учёттук жазууну түзүү болуп саналат. Өздүк кабинетте учеттук жазууну жүргүзүү үчүн каттоодон өтүү зарыл. Сайттын администрациясы ар кандай суроолор менен катышуучуну табуу үчүн бул учеттук жазуу керек.  

Өздүк кабинет он-лайн режиминде төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү күнү-түнү колодонууну сунуштайт:

 

*       Каттоо маалыматтарын кароо, өзгөртүү;

*       Өз профилинин статистикасын билүү;

*       Форумда болгон бардык маалыматтар кабардар болуу;

*       Модератордон силерге гана же жалпыга арналган билдирүүлөрдү алуу;

*       Конференцияларга катышуу;

*       Конференциянын маалыматтарын колдонуу;

*       аватар жана никти өзгөртүү.

ϴздүк кабинетке кирүү үчүн авторизация зарыл. Парольду сактоого уруксат бербөөнү сунуштайбыз. Себеби, булл коопсуздук деңгээлин төмөндөтөт.


Модерация:

Модерация, катышуучулардын Форумдун эрежелерин  сактоосун жана техникалык суроолорго жардам берүү үчүн керек.

Модераторлор ыктыярдуулардын арасынан администратор тарабынан дайындалышат. Модераторлордун аттары  («никтер») ар бир форумда болот.

Модераторлор менен бир гана "өздүк билдирүүлөр" сервиси аркылуу байланышууга болот.

Форум пост-модерациялануучу болуп саналат б.а. бардык тема жана билдирүүлөр  «кандай болсо ошондой» түрдө жарыяланат, бирок кийин алар алынып салынышы, оңдолушу, же модератор тарабынан эрежелерге жооп бербесе жылдырылышы мүмкүн.  Администрация кээбир катышуучуларга премодерацияны коюуга укутуу.  Мындай учурда тема жана билдирүүлөр модератор тарабынан текшерилип, жарактуу деп табылган соң гана жарыяланат.

Модератор тарабынан билдирүүлөр жоготулса, темалардын аталышы өзгөрүлсө, билдирүүлөр башка бөлүмдөргө өткөрүлсө ж.б. учурларда (билдирүүнүн мазмунун өзгөртүүдөн сырткары) катышуучу автоматтык түрдө «өздүк билдирүүлөргө» кулактандыруу катын алат. 

Катышуучу Форумдун эрежелерин бузган болсо, модератор эскертүү берүүгө укуктуу. Ар бир эскертүү штраф беренелери менен коштолот (5 тен 100гө карай, эреже бузуунун «орчундуулугуна» жараша). Белгилүү бир упайдагы беренелердин жыйындысында автоматтык түрдө айыптуу жаза ишке кирет.   

30%       2 күнгө окуу режими (ЛС-ƟБ кызматы иштейт)

40%       1 күнгө бан (бардык кызматтар иштебейт, + IP блокко коюлат)

50%       1 жумага окуу режими (ЛС-ƟБ кызматы иштейт)

70%       1 жумага бан (бардык кызматтар иштебейт, + IP блокко коюлат)

100%     мөөнөтү белгисиз бан (катышуучунун бардык IPлери блокко коюлат)

Штрафтык беренелер белгилүү бир «колдонуу мөөнөтүнө» ээ (1 жумадан бир айга чейин) жана бул мөөнөт бүткөн соң  автоматтык түрдө алынат.

Модератор тарабынан эскертүү алган катышуучу автоматтык түрдө бул эскертүүнүн себеби, анын аталышы, номери тууралуу, ошондой эле модератордун аты жөнүндө маалыматты алат. «Штрафтык регистр» катышуучунун профилинде да жайгашат.

Айыптуу жазалар даражасындагы катышуучу Форумга кире турган болсо, жазанын башталышы жана бүтүү мөөнөтү тууралуу билдирүү чыгат. Албетте, мөөнөттүн бүтүшү менен жазалар да күчүн жоготот.

Автоматтык түрдө эскертүү системасында каралбаган эреже бузуулар болсо, модератор кыска мөөнөттүк      (12саатка чейин) блокко коюу укугуна ээ.

Жарнама үчүн  колдонулган «никтер» эч кандай автоматтык системага карабастан блокко коюлат.

Эгер катышуучу модератордун эскертүүсүнө каршы болсо, электрондук почта аркылуу администратор менен байланыша алат. Администратор тарабынан кабыл алынган чечим акыркы жана кайтарылгыс болуп саналат.

Форумдагы процесстерге жана катышуучуларга коюлган талаптар:

Форумга катышу үчүн Кандидат төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек.

Кандидат төмөнкүдөй сыпаттардын бирөөсүнө төп келиши керек:

1)       Ишкердик/же коомдук/ же илимий иштер менен алек болуусу;

2)       Мамлекеттик кызматкер же мамлекеттик мекемелердин кызматкери болушу;

3)       Мамлекетибизде иштеп жаткан эл аралык/ же чет мамлекеттик уюмдардын кызматкери, же эл аралык проекттердин катышуучусу;

4)       Керектүү даражалары, чиндери жана сертификаттары болгон эксперттер, окумуштуулар;

5)       Мамлекетибиздеги магистратура, аспирантура, докторантура программаларынын окуучулары/бүтүрүүчүлөрү;

6)       Чет мамлекеттик билим берүү мекемелеринин окуучулары/бүтүрүүчүлөрү;

 Регистрациялык катрадагы маалыматтар далилдүү, кыска жана нуска болуш керек. Керектүү талааларды толук толтурууга милдеттүү (кээбир гана учурлардан сырткары).

Жогорудагы талаптарга жооп бербеген Кандидатка себеби түшүндүрүлбөстөн авторизациялоо кылууга уруксат берилбейт.

Эскертүү: Конференцияны профессионалдуу жана компетенттүү алып бару максатында сайттын Администарциясы Кандидатка авторизация кылуусуна уруксат бербөө укугун өзүнө калтырат.

Кандидат Форумдун колдонуу шарттары жана эрежелери менен толук танышуусу абзел. Эрежелерди билбөө бузууларга жооп берүүдөн бошотпойт жана бул да эреже бузуу болуп саналат.

Идея, контридея жана сунуштар – бул акысыз кызмат аркылуу катышуучулар бири-бири менен маалымат бөлүшүп, өнүгө алышат.

Идея, контридея жана сунуштар пайдалуу маалыматрды алуу жолун жеңилдетет, кызматташтыкка чакырат жана коомдук байланышты жакшыртат.

Форум катышуучурага максималдуу түрдө рахаттуу дискуссия  атмосферасын тартуулаганга аракет кылат. Ошол себептүү так аргументтери менен коштолгон сапаттуу сунуштарды берүүгө жана аларга контрсунуштардын да ушундай деңгээлде болушуна чакырабыз.  Форумду колдонуунун кеңештерине кулак салуу иштин алга жүрүшүн жана сапатын жакшыртат.


Албетте, жакшы болот:

·         Билим менен бөлүшүү. Сиздин билимиңиз, тажрыйбаңыз жана идеяларыңыз башкалар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

·         Ынактуу, сылык мамиледе болуңуз – Башка катышуучуларды сыйлаңыз.

·         Жигердүү болуңуз – Мыкты идеяларга добуш бериңиз. Өз көз караштарыңызды билдириңиз.  

·         Жөнөкөй тил менен жазыңыз – Орфография жана пунктуация эрежелерин сактаңыз. Узун сүйлөмдөрдөн качып, кыска, нуска сүйлөмдөр башка катышуучулардын сиздин билдирүүңүздү табууга жеңилдик түзөт жана керектүү аргументтердин айтылышын шарттайт.

·         Деталдуу, так маалыматтарды берүүгө аракет кылыңыз – идея жана сунуштар конкреттүү болуп, башка катышуучуларга түшүнүктүү болуш керек.

·         Булактарды көрсөтүңүз  - эгер билдирүүдө китептен же башка бир сайттан алынган маалыматтар болсо, аларга шилтеме берүү керек.

Албетте, туура эмес болот:

·         Кайталануучу идеялар, контридеялар жана сунуштар – башка билдирүүлөргө окшош болгон билдирүүлөр жоготулат.

·         Эч кандай мааниси жок билдирүүлөр алынып салат – маалымат камтыбаган билдирүүлөр жоготулат (мисалы, " Баарына рахмат" же  "Мен уйго кеттим, көрүшкөнчө").

·         Тема эч кандай байланышы жок билдирүүлөр жана маанисиз сүйлөшүүлөр – Темага байланыштуу гана билдирүүлөрдү жөнөтүүгө аракет кылыңыз. Башка катышуучулар менен маанисиз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектүү маалыматты табууга тоскоол болот.

·         Далилсиз билдирүүлөр  - калп айтпай, так эмес маалыматтарды, сунуштарды жана кеңештерди берүүдөн алыс болуңуз.


Форумдагы процесстер:

Администраторлор жана модераторлор керексиз билдирүүлөрдү тезинен жоготууга аракет кылышат. Бардык билдирүүлөр администратор жана веб-мастерлердин эмес, жөнөткөн автордун көз карашын чагылдырат. (албетте, администаротлор жөнөткөн билдирүүлөрдөн сырткары). Ошондуктан администрация билдирүүлөрдүн мазмунуна жоопкерчиликтүү эмес.   

Бул форумдар маалыматты сактоо үчүн компьютеринизде cookiesди колдонот.  Бул cookies эч кандай өздүк маалыматты камтыбайт жана бир гана форумдун мыкты иштешин камсыздайт. E-mail бир гана каттоону тастыктоо үчүн керектүү кодду жиберүүгө колдонулат.  (ошондой эле жаңы паролду жана аны унутуу учурларында байланышууга керек). 

Форумда кордоочу, коркутуучу, ушактоочу маалыматтар жана  порнографиялык билдирүүлөр жана  улуттук карама-каршылыкка чакыруучу, аны менен бирге мыйзам чегинен чыккан билдирүүлөр жарыяланбашы керек.

Жогоруда белгиленген билдирүүлөр оңдолот же кулактандыруусуз жоготулат.

Ал эми эрежелерге каршы билдирүүлөрдү кайра кайра жайгаштыруу аракеттери Форумдан толук чыгарууга алып келет.

Ал эми башка сайттан алынган маалыматты жайгаштырууда ал сайттын бул ишке уруксат берүүсүн эске алуу зарыл.

Чечкиндүү түрдө билдирүүнү бир гана жолу жиберүүгө уруксат берилет. Форумдун катышуучулары үчүн билдирүүлөрдүн кайталынышы жагымсыз жана керексиз болуп саналат.

Унутулган пароль

 Форумда паролду e-mail аркылуу ордуна келтирүү мүмкүн, бирок ал профилде болгон жана контролдук кат аркылуу тастыкталган болсо аны кайра орундатуу мүмкүн.  Эгер e-mail тастыкталбаган болсо, администратор паролду алмаштыра алат жана  e-mail же icq аркылуу авторго билдире алат.

Ранг деген эмне?

Катышуучу канчалык жигердүү болсо, ошончолук көп билдирүү, контридея, сунуштарды бир күн ичинде  жүктөй алат. Анын рангы 1ге көбөйөт. Бир жылдыз 15 ранг үчүн берилет. Ранг катышуучунун форумда көп убакыттан бери болгонун жана активдүүлүгүнүн сандык көрсөткүчү болуп саналат.

Катышуучуларга кимдер добуш бере алат?

Бир гана катышуучулар бири-бирине добуш бере алышат.

Билдирүүнү жөнөтүү формасындагы «жашыруу» опциясы 

Автор жана администрация гана көрө алган билдирүүнү жазууга шарт түзөт. ϴзгөчө катышуучу өзүнүн  суроосун жашыруун бергиси келгенде жана бул маселеде өзүнүн компетенттүү эмес экенин жашырганда колдонууга болот.

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо