Демилгечинин жалпы көз карашы
Келгиле, жалпы аракет жана биримдик аркылуу кымгуут жана тирешүү абалынан чыгабыз!
«Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорунун
демилгечисинин жалпы көз карашы
Кыргыз эли миң жылдаган тарыхка ээ болгон Борбордук Азиядагы байыркы эл катары башынан көп нерсени өткөздү. Бир учурда кыргыздар күчтүү мамлекет куруп, өз эркиндигин коргоп гана эмес, Кытай династиясы, Түрк каганаты сыяктуу улуу мамлекеттер менен да тең тайлашып келген. Ал, улуу эл башчылардын, күчтүү кыргыз элитасынын жана улуттук аң сезим менен биримдүүлүктүн гүлдөп турган мезгили болгон. Бирок кыргыз эли тукум курут болуп, мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучун башынан өткөргөн учурлар дагы болгон. Ал учурлар улуттук аң-сезим мокогон, ынтымак ыдыраган кымгуут мезгилдер эле. Мындайда эл эмне кыларын, кимди ээрчирин билбей, башаламандык жана карама-каршылыктардын ортосунда калган.
Кыргызстан бүгүн да мындай абалда турууда, кымгууттук жана карма-каршылык ар бир тармакта күч алып, ар кандай формада жайылууда. Мындай кыйын кезеӊдерден, бардык аракетин, энергия жана акыл-эсин бириктирип, аны жаратман иштерге жумшай алган ынтымактуу элдер гана жеңиш менен чыга алышкан. Жалпы аракет, энергия жана акыл-эстин «Улуу Биримдиги» аз сандагы калктарды күчтүү мамлекет кылып, башка күчтүү мамлекеттерге акыл үйрөтө турган деңгээлге жетүүсүнө шарт түзгөн. Бул элдер «Адамдын улуулугу бою менен, элдин улуулугу саны менен аныкталбайт» деген сөздү иш жүзүндө далилдешкен.
Чындыгында Малайзия, Сингапур, Бириккен Араб Эмираттары жана Түштүк Корея мамлекеттерин карап көрсөк, анда алардын өткөн кылымдардагы ийгиликтүү тажрыйбалары жогорудагыларга далил болуп турат. Себеби, бул мамлекеттер келечеги белгисиз жана чоң мамлекеттердин интервенциясына түшүп калуу абалынан, улуу биримдик, бир максат жана бир багыт астындагы талбаган аракеттери аркылуу өз аймагындагы күчтүү эгемендүү өлкөлөрдөн болуп чыга келишти.
Келгиле, жалпы аракет жана биримдик аркылуу кымгуут жана тирешүү абалынан чыгабыз! Мекенибизди аймактагы күчтүү мамлекетке айландырабыз жана биз дагы элдин улуулугу саны менен аныкталбай тургандыгын далилдейбиз! Элдин улуулугу кандай гана кыйынчылык болбосун аны коргоп, алып чыгып кете ала турган биримдик жана улуттук аӊ-сезими, күчтүү элитаны тарбиялай жана пайдалуу идеяларды жарата алган жөндөмү менен байланышкан!
Келгиле, өзүбүздү өзүбүз алдабайбыз! Келечекти пассивдүү түрдө күтпөстөн, аны бүгүн жаратабыз. Кыргызстандын келечеги, бүгүн жасала турган иш аракеттерибизден көз каранды. Кыргызстандын келечегинин фундаментин бүгүн тургузуу керек. Куру намыс, куру сөздү жар салып, саясий кайрылуулар менен күчтүү мамлекет кура албайбыз. Системалуу жана комплекстүү ыкмалар гана өлкөнү кризистен чыгара алат. Кыргызстанга терең анализделген өз программалар, антикризисттик концепциялар керек. Мамлекетке Махатхир, Ли Куан Ю, Пак Чон Хи жана Дэн Сяопиндердин командалары сыяктуу улуу өзгөрүштөрдү жасай турган энергиялуу, ишин мыкты билген адистер керек.
Демек, кризистен чыга турган жолду билип туруп, адашпайлы, алданбайлы! Келгиле, биригели, ынтымак жок болсо эч нерсеге жетишпейбиз! Эгер өз идея, демилгелерибиздин булагы болбосо, эч кандай өнүгүү моделин түзө албайбыз. Келгиле, өлкөбүздүн акыл тирегин курабыз! Келгиле, иш билги адистер, жаш реформатор жана аналитиктердин коомун түзөбүз!
А. Салымбеков
Добавить комментарий