Фонд Жаны Жылдык Бал пресс-релизи
«Акыл Тирек» сыйлыгына татыктуу болгон жаш илимпоздор менен бирге, журналистика багытындагы мыктылар менен да чогу көңүл ачып кетишмекчи
ПРЕСС - РЕЛИЗ
2013-жылдын 19-декабрь айында Прогрессивдүү Демилгелер Фондусу ЖОЖ окуучулары үчүн Жаңы Жылдык кече уюштуруп жатат. Окуучулар белгилүү ийгиликтерге жетишип оку жай тарабынан сунушталып, «Акыл Тирек» сыйлыгына татыктуу болгон жаш илимпоздор менен бирге, журналистика багытындагы мыктылар менен да чогу көңүл ачып кетишмекчи.
19декабрда Фонд бир жашка толуп, бардык досторун бул кечеге чакырууда.
Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков мамлекеттин жаш кадрларына өзгөчө кңөүл буруп, аларды колдоого жана алардын идея, демилгелерин көтөрүүгө аракетин жасап келет.
Бир жылдын ичинде Фонд тарабынан алгылыктуу иштер жасалды: салтатантуу кечелерден баштап, форум, тегерек столдор, тренингдер, башка жолугушуулар жана элдин интеллектуалдык патенциалын көтөрүүгө жана прогрессивдүү, жаратман идея, демилгелерди алып чыгууга аракеттер кылынды.
Жаңы Жылдык кеченин башкы өнөктөшү - ААК "Бакай Банк" - TOP TEAMS "CLUB 500" WESTERN UNION б.а Африка, Европа жана Борбордук Азия боюнча "Вестерн Юнион" аттуу 50 000 ашык бобору бар бирикменин Кыргыз Республикасындагы жогорудагы багытта кардарларга мыкты тейлөө сунуштаган жападан жалгыз банк.
Концерттик программада Кыргыз Улуттук филармониянын окуучулары, бий тобу «Аврора», «Ак-Орго сити» тамашоу командасы чыгып көңүлүбүздү ачып, уюуштуруучулар тарабынан кызыктуу оюндар менен белектер коштолот.
Жаңы Жылдык кече «Кой-Таш» мейманканасында саат 18.00 башталат. Чакырыглган коноктор 16.30 да «Дордой Плаза» бизнес –борборунда топтолуп, (адрес: Ибраимов көч., 115А. ) Автобус 17.00 дө жылат.
Бардык кызыктар ММК бул кечеге чакырабыз жанан алдын ала аты жөнүңөрдү жаздырууну суранабыз.
Телефондор: 690547, 0772 250915 –Нуруйля, 0702177424 –Айзада, 0555767670-Нуржан.
Сайттан толук маалымат ала аласыздар: www.fpi.kg
Добавить комментарий