"Ак Журок" пресс-релизи
2014 - жылдын 31- январында, саат 14:00дө, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академикалык опера жана балет театрында «Жылдын меценаты» аттуу конкурсунун 2013 - жылынын жыйынтыктары боюнча «Ак жүрөк» («Жылдын меценаты») сыйлыгын тапшыруу аземи болмокчу.
Пресс – релиз
2014 - жылдын 31- январында, саат 14:00дө, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академикалык опера жана балет театрында «Жылдын меценаты» аттуу конкурсунун 2013 - жылынын жыйынтыктары боюнча «Ак жүрөк» («Жылдын меценаты») сыйлыгын тапшыруу аземи болмокчу. Конкурскка ар кайсы программаларга, долбоорлорго жана атуулдарга акысыз жардам берген (орто мектеп, бала бакча, көпүрө салган, Баткен, Нарын, Талас аймагынан келген) жана аларды колдогон ата мекендик ишканалар жана Кыргызстандын жараандары катышышты.
Бул Кыргызстан үчүн маанилүү окуяга бардык массалык маалыматтар каражаттарынын өкүлдөрүн катышып кетүүгө чакырабыз.
«Ак жүрөк» сыйлыгы Эларалык кайрымдуулук «Айкөлдүк» фонду тарабынан 2010 - жылы өлкөнүн меценаттарын урматтоо жана аларга кадыр-барк көрсөтүү үчүн, даңктоо жана сыймыктанууга татыктуу үлгү катары коомго таанытуу максатында негиздеген.
Аземди «Айкөлдүк» кайрымдуулук фонду жана Прогрессивдүү Демилгелер Фонду бирге уюштурууда.
Атайын түзүлгөн комиссия конкурстун көптөгөн катышуучуларынын арасынан лауреаттарды тандап алышты, алардын ичине белгилүү ишканалар, атактуу атуулдар жана коомго азырынча белгилүү эмес меценаттар кирет.
«Ак жүрөк» аземинде конкурстун жеңичүүлөрүнүн аттары салтанаттуу түрдө жарыяланат, жеңичүүлөргө сертификаттар жана статуэткалар берилет. Мындан башка, «Жылдын меценаты» сыйлыктын ээлеринин ысымдары «Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук фонду атайын жасаган Бишкек шаарынын Фучик паркындагы «Даңк Аллеясы» аттуу атайын ташта басылат.
«Ак жүрөк» сыйлыгын тапшыруу аземинде Кыргызстандын атактуу ишкерлери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана Кыргызстандын алдыңкы массалык маалыматтар каражаттарынын өкүлдөрү катышышат. Азем ар түрдүү телекөрсөтүүлөрдө, гезиттерде, радиодо жана интернетте баяндалат.
Катышуучуларды, меймандарды жана ММКны каттоо саат 13:00дө башталат.
Сурап билүү телефондору: 690 595, 690 546, 690 547, 690 543.
Добавить комментарий