«Тамекини таттууга алмаштырабыз» акциянын пресс-релизи
Акциянын максаты: Жаштарды сергек жашоого пропагандалоо жана аларды тамекисиз позитивдүү жашоого чакыруу.
Бүгүнкү кундө инсандын ден соолугу медициналык кызматынын сапатынан гана көз каранlы эмес. Биринчиден, баалуулуктар жөнүндө инсандын түшүнүүсү, мындан сырткары физикалык формасынын бардыгы да манилүү. Эгерде индивидтин сезиминде өзүнүн ден соолугун бекемдөөгө мотивациясы жок болсо, анда орууну дарылоодо доктурлардын аракети кучсуз болушу толук мүмкүн.
Ошондуктан, 2014-жылдын 30-майында Коомдук Фонд “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду”, «Ак Дил» жаштар кыймылынын студенттери жана Инновациялык технология жана техника колледжи менен биргеликте «Тамекини таттууга алмаштырабыз» кайрымдуулук акциясын өткөрөт.
Жаштар кыймылынын студенттери жана КИТЭ студенттери бул тармакта ишти алып барып, акцияны чоң территорияда жүргүзүү үчүн группаларга бөлүнүшөт.
Акцияны өткөрүү жерлери |
Акциянын башталышы |
Филармония |
10:00 |
Дзержинский бульвары |
15:00 |
Ата-Тюрк атындагы парк |
14:00 |
Түштүк дарбаза |
16:00 |
Жаштар аллеясы |
18:00 |
1. Волонтерлордун жалпы саны 70 киши. Формасы: ак футболкалар, кепкалар, таттуулардын коробкасы, ажалдын маскасы менен киши жана колунда тамекинин капы.
2. Шаардыктардын сылык саламдашуусу, сергек жашоо образы акциясынын агитациясы, тамекини таттууга алымаштырууну сунуштоо.
3. Чогултулган сигареталарды жоготуу үчүн, 18:00 Жаштар Аллеясында волонтердук группалардын чогулушусу.
Кайрымдуулук акция 2014-жылдын 30-майында өтөт, суроолор боюнча бул телефондорго кайрылсаныз болот: 0312 690547 же эл.почта: fpi.kg@mail.ru.
Добавить комментарий