Наверх
  • 0 (312) 620921

Пресс-релиздер

"Акыл Тирек" журналистика конкурсунун пресс-релизи

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы биргеликте, ОАО “Росинбанктын” колдоосу менен бардык массалык маалымат каражаттарынын ар кандай тармактарынан

Кыргызстандын мыкты журналисттерине

“Акыл Тирек” наамын ыйгаруу салтанаты

�м�

 Баарыбызга белгилүү болгондой, ар кайсы тармактарда терең изилдөөлөрдү  жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштары менен кеңештерин берип келген,  өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыздын  эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек”  китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоону Прогрессивдүү Демилгелер  Фонду, тактап айтканда Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков алып барууда. Бул  биздин жаш окумуштууларыбыздын эмгегине таазим кылуубуз жана жаштарды  билимге умтулуп, акылга таянуусуна кошо турган салымыбыз деп ойлойбуз.  

 Ошондой эле, коомдун акыл тиректери илим казып жүргөн окумуштуулар менен  гана чектелбээри да маалым. Акыл тиректер массалык маалымат каражат  өкүлдөрүнүн арасында да бар. Себеби журналисттер коомго маалымат жеткирүүчү  көпүрө гана эмес, өз макала, берүүлөрү жана уктуруулары аркылуу коомду  агарткан жана коомдук аң-сезимди пайдалуу нукка бурган чоң күч болуп саналат.  Чындыгында тигил же бул маселени терең изилдеп, артынан сая түшүп курч  калеми, өзгөчө көз карашы, күчтүү аналитикасы менен мамлекеттик бийликке,  коомчулукка жеткирүү аркылуу акыл тирек болуп жүргөн журналисттер да аз эмес.  Алар диссертация жазып илим казбаса да, журналисттик калеми менен чыныгы  абалды көрүп баяндоо аркылуу коомдун акыл тиректерине айланышат.    Фонддун  алдында дагы бир тапшырма катары массалык маалымат каражаттарынын  арасындагы акыл тиректерибизди аныктап, аларга “Акыл Тирек” наамын салтанаттуу  түрдө ыйгарып, коомчулук алдында ак эмгегин даңазалоо турат.

Салтанаттуу аземдин максаты: 7-ноябрь ММК күнүнө карата Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы биргеликте, ОАО “Росинбанктын” колдоосу менен бардык массалык маалымат каражаттарынын ар кандай тармактарынан тактап айтканда, телекомпания, радио, гезит-журнал, маалымат агенттиктеринен татыктуу, элге эмгеги сиңген журналисттерге “Акыл Тирек” наамын ыйгаруу менен колдоо.

Фонд жана КТРК элге эмгеги сиңген журналисттерди өздөрү сунуштоосун талап кылды. Талапкерлерге белгилүү критерийлер коюлду жана эмгектери аналитикалык көз карашты ташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Ар бир жамаат сунуш кылган талапкерлердин аттары протоколдун негизинде бекитилип, Фонддун электрондук дарегине (fpi.kg@mail.ru) 2013-жылдын 14-октябрына чейин жөнөтүштү.  Мындан сырткары социалдык түйүн жана Фонддун сайтында www.fpi.kg «Элдик пикир» платформасында ар бир жаран өзү мыкты деп билген кабарчы-журналисттери тууралуу билдирме беришти.

Номинанттар «Акыл Тирек» статуэкалары жана дипломдор менен бирге баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.  

Аземдин башкы өнөктөшү – ОАО “Российский Инвестиционный Банк”.  Бул универсалдуу банк жеке жана юридикалып тараптарга, орто жана чоң бизнеске, аны менен бирге мамлекеттик органдарга кызматын көрсөтүп келет. ОАО «Росинбанк»  ар бир клиентке өзгөчө мамиле жасап, кызматташтыкка дайым даяр.

Дареги: Сунушталган калем чеберлерине 2013-жылдын 5-ноябрь айында “Космопарк” борборунда “Акыл Тирек” наамын тапшыруу салтанаттуу аземи саат 11:00 болмокчу.

Кошумча маалыматты www.fpi.kg  сайтынан же төмөндөгү телефондор боюнча ала аласыздар.

тел.: (0312) 69 06 67 /(702)177424 – Тынабекова Айзада,

                                (0312) 69 05 46 – Болокбаева Нуруйля.

 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо