"Акыл Кубаты" Форумунун пресс-релизи
Форумдун максаты: Коомдук документтерди конкреттүү сунуш жана рекомендация катары коомго жана мамлекетке ишке ашыруу максатында сунуштоо.
Пресс-релиз
Июль, 2013 жыл. Коомдук фонд «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду».
Негиздөөчүсү – А. Салымбеков.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан «Акыл Кубаты» программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 19 июлунда саат 10.00 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тарых музейинде I Коомдук форум өтмөкчү. Дареги: Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты, мамлекеттик тарых музейинин конференц-залы, регистрация 9.00 башталат.
Форумдун максаты: Коомдук документтерди конкреттүү сунуш жана рекомендация катары коомго жана мамлекетке ишке ашыруу максатында сунуштоо.
Форумда жумушчу топтор тарабынан иштелип чыккан төмөнкү темалар боюнча Коомдук документтер сунушталат:
- «Кыргыз Республикасын интеграциялык процесстерге тартуу платформасы (Бажы союзу)»
- «Кыргыз Республикасында мамлекет жана жеке ишкердик ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы»
- «Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңип чыгуу жолдорунун граждандык платформасы»
“Коомдук документтер” эксперттердин, өлкөбүздөгү коомдук жана эл аралык ишкерлердин, илим жана бизнес жаатындагы компетенттүү атуулдарыбыздын идеяларына жана сунуштарына негизделген.
Иш-чаранын аягында жумушчу топтордун өкүлдөрүн, Улуттук краудсорсинг платформасынын активдүү катышуучуларын сыйлоо аземи өткөрүлөт.
Форумдун катышуучулары: мамлекеттин өкүлдөрү, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илим жана бизнес жаатындагы адамдар, массалык маалымат каражаттары.
Регистрация: Иш-чара 10.00 дон 16.00 го чейин болот, регистрация 9.00 башталат.
Добавить комментарий