Экономика жана мам.башкаруу багытындагы "Акыл Тирек" конкурсу пресс-релизи
Келечекте салттуу боло турган жарыштын максаты - ɵзүбүздүн акылмандарыбыздын асыл ойлорун жана баа жеткиз эмгектерин баалап, даңазалоо менен мамлекетибизде идеялык чоң бурулушка түрткү берүү, ири ɵзгɵрүүлɵргɵ негиз боло турган улуттук акыл казынабызды куруу болуп саналат. Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков: “Мекендештердин аналитикалык изилдөө иштерин топтоо – өнүгүү багыттарын аныктоочу баалуу практикалык документтердин негизин түзүп, жергиликтүү идея жана демилге өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат”- деп белилеп кетти.
Пресс-релиз
Жакында бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын “Акыл Тирек” жарышынын жеңүүчүлөрү белгилүү болот
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 2013-жылдын 7-сентябрда саат 11-00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук
филармонияда Бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын “Акыл Тирек” интеллектуалдык жарышынын жеңүүчүлөрүнө жана жаш окумуштууларга “Акыл Тирек” наамын, Кыргызстандагы алгачкы илимий наамды ыйгаруу салтанатын өткөзөт.
Фонд тарабынан 2013-жылы экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында маанилүү жана пайдалуу ɵзгɵрүүлɵргɵ жол ача турган ɵзгɵчɵ илимий эмгектердин “Акыл Тирек” жарышы жарыяланган.
Келечекте салттуу боло турган жарыштын максаты - ɵзүбүздүн акылмандарыбыздын асыл ойлорун жана баа жеткиз эмгектерин баалап, даңазалоо менен мамлекетибизде идеялык чоң бурулушка түрткү берүү, ири ɵзгɵрүүлɵргɵ негиз боло турган улуттук акыл казынабызды куруу болуп саналат. Фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков: “Мекендештердин аналитикалык изилдөө иштерин топтоо – өнүгүү багыттарын аныктоочу баалуу практикалык документтердин негизин түзүп, жергиликтүү идея жана демилге өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат”- деп белилеп кетти.
Жарыштын жүрүшүндө бардык аймактан 100дөн ашуун илимий эмгек түштү. Катышуучулар 1 000 000 сомдон ашык байгеге ат салышып жатат. Алгачкы жана комплекстүү экспертизадан өткөн татыктуу атуулдарыбыздын эмгектерин коомго тирек катары кɵрсɵтүү жана коомдогу жаш илимпоздорго дем берүү Фонддун негизги кадамы.
Мындан сырткары ушул долбоордун алкагында өз адистиги боюнча илимдин өсүшүнө салым кошуп жаткан жаш окумуштуулар Кыргызстандын бардык аймагындагы жогорку окуу жайларынан жана Улуттук илимдер академиясынан тандалып алынып, алардын эмгектери да бааланмакчы.
Салтанатта «Акыл Тирек» аттуу китеп да өзгөчө орунга ээ болуп, келечек муунга үлгү катары, конкурска катышкан бардык конкурсанттардын ысымдары, алардын изилдөө иштеринин кыскача баяндамасы, ошондой эле жогоруда тандалып
алынган жаш окумуштуулар, алардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат чагылдырылып, салтка айланмакчы.
Салтанатта мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, бизнес жана эксперттер коому, алдыңкы ишмер жана илимий чөйрөсү болмокчу. Кадырлуу коноктор салтанатта маанай ачуучу концертке күбө болушат.
Байланыш телефондору: +996 (0312) 690 546, +996 (0312) 690 547, +996 (0312) 690 667, (0772) 664884
Эл. почта: fpi.kg@mail.ru
Фонддун сайтынан толук маалымат ала аласыз: www.fpi.kg
Добавить комментарий