Демилгелуу жаш лидерлердин чоң жыйынынын пресс релизи
Кимдер биздин болочок лидерлер? Кандай демилге жана идеялар биздин мамлекетти алга сүрөйт? Биздин келечек элитаны ким түзөт жана ал элита барбы?
Пресс-релиз
Демилгелуу жаш лидерлердин чоң жыйыны
Кимдер биздин болочок лидерлер? Кандай демилге жана идеялар биздин мамлекетти алга сүрөйт? Биздин келечек элитаны ким түзөт жана ал элита барбы?
Бул суроолорго жоопту Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, анын негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович тарабынан 2014-жылдын 19-мартында саат 9:00дөн 11:00 чейин «Космопарк» борборунда уюштурулуган Кыргызстандын алдыңкы демилгелүү жаштарынын чоң жыйында ала аласыздар. Аталган Фонддун бул жылы баштаган долбоорлорун колдогон 500дөн ашык лидерлер өз командалары менен келип, Кыргызстандын жаңы кадрлары бар экенин тастыкташмакчы. Алар мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өз пикирин
билдирип, келечек тууралуу ачык позицияларын, таптакыр башка алтернативалуу идеялар жана кыйратуучу эмес, жаратуучу демилгелер менен улуу максаты башташмакчы. Аталган долбоорлордун алкагында топтолгон жаштар төмөнкү максаттарды көздөшөт:
· «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби - үзгүлтүксүз билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо менен атайын команда түзүү, мамлекеттин жаңы жаркын жаш элитасын түзүүгө жеке салым кошуу миссиясын ташыган мектеп.
· «Ак Дил» айкөлдүк кыймылы - жаш ахлак-адептүү жаштардан турган командалардын масштабдуу коомдук акцияларды ишке ашыруусу үчүн, өлкөнүн баардык жаш патриотторун, активисттерин жана энтузиасттарын жаратман күчкө чакыруу максатындагы кыймыл.
· «Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели» конкурсу –Кыргызстандын улуттук кыялын табууга жана анын мамлекеттин өнүгүү жолундагы маанисин ачып берүү, өлкөнүн өнүгүү моделин түзүү үчүн жаштар арасында жарыяланган телеоюн форматындагы конкурс.
Болочок элитанын катарын толуктаган жаштар канча жылдан бери ийгиликтин табылбаган ачкычын табууга аракеттенишип, жаңы жаратман жолду баштоодо. Бул жолугушууда «Акыл Тирек» клубунун мүчөлөрүнүн да мамлекеттеги экономикалык, башкаруу жана укуктук багыттагы жаңы демилгелерин көтөрүп чыгышмакчы.
Чоң демилгелер демин берүүчү маңыздуу жолугушууга Прогрессивдүү Демилгелер Фондун колдогон бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер, массалык маалымат каражаттары жана атайын эксперттер катышат.
Реформа, өнүгүү, тынчтык. Тарых барактарын жазуу мезгил келди.
Байланыш телефондору: +996 312 690667, 690646
Добавить комментарий