Ишембиликтин пресс-релизи
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана “Ак Дил”кыймылынын жаш лидерлери менен Бишкек шаарынын мэриясы биргеликте шаарды тазалоо боюнча бир нече акцияларды баштоодо. 2014-жылдын 19-апрелинде алгачкы масштабдуу акциясы саат 10.00дө “Ататрүк” паркында, эс алуу жайында болмокчу.
ПРЕСС-РЕЛИЗ
БИШКЕК ШААРЫБЫЗДЫН ДАҢКЫН КАЙТАРАЛЫ, «КАДЫР-БАРКТУУ ШААР»
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана “Ак Дил”кыймылынын жаш лидерлери менен Бишкек шаарынын мэриясы биргеликте шаарды тазалоо боюнча бир нече акцияларды баштоодо. 2014-жылдын 19-апрелинде алгачкы масштабдуу акциясы саат 10.00дө “Ататрүк” паркында, эс алуу жайында болмокчу.
Коом – бул, анын ар бир мүчөсүнүн жашоосу, ошол себептүү ар бири милдеттүү түрдө анын өсүүсүнө салым кошуусу зарыл. Өзгөчө шаардын тазалыгына ар бирибиз жооптуубуз.
“Ак Дил” айкөлдүк кыймылынын командалары, студенттик кеңештер, жаштар кыймылдары бул бренд алдында биригип, шаарыбыздын мурдагы кадыр-баркын көтөрүүгө кол кабыш кылууга умтулушууда. Жашыл, таза, жагымдуу шаарбызды кайра түптөөгө киришүүдө.
Масштабдуу ишембилик шаарыбыздын чон территориясын ээлеген эс алуу жайы «Ататүрк» паркында болмокчу. 700 жакын жаштар чогулуп, ак футболканы жонуна кийип, айырмалануудан мурда тазалыктын символикасын ташып жүрүшмөкчү. Былтыркы жалбырак, мусорлорду тазалоо, бак-дарактардын түптөрүн казуу жана арыктарды түздөө каралган.
Жаштарды жана бул демилгени колдоого ФПИнин негидоочусу Салымбеков Аскар Мааткабылович, вице-мэр Попиков Олег Владимирович, ошондой эле Омар, Гулзада Рыскулова сыяктуу кыргыз жылдыздары да чакырылган.
Шаарыбыз биздин жалпы үйүбүз – тазалыкта сактайлы!
Тазалык иштери бүткөн соң паркта «Ак Дил» командалары тарабынан уюштурулган концерттик программа көңүлдү ачууга чакырат.
«Ак Дил» айкөлдүк кыймылы 2014-жылынын башында Фонд тарабынан түзүлүп, активист, энтузиасттардын башын бириктирген. Ар түрдүү жаратман иштерге багытталган кыймыл Нарын, Токтогул, Ысык-Көл аймактарында да түзүлдүүдө, шаарыбыз боюнча 30 команда бар. Коомго пайда алып келүүгө дилгир жаштар күнүгө толукталууда.
Фонд бардык кайдыгер эмес жаштарды жана жарандарды бул акцияга катышууга чакырат. Жанынарга бир гана жылмайуу жана терең каалоо гана алып келүү керек. Бирок мүмкүн болсо куралдарды ала келүү.
«Ак Дил» кыймылынын лидерлеринин айтымында: «Биз борбор шаарыбызга, мэриябызга жардам берүүдөн кубанычтабыз. Шаарыбызды тазалоого жумшала турган бюджетти экономдоого реалдуу салым кошуп жатканыбыз, кийинки жакшылык иштеринин айланпасын баштайт. Бул бумерангда коомчулуктун баары пайда көрө алат. Тазалоо ишембилиги – эмгек – жаштар – мэриянын бюджетин экономдоо – бул сарамжалдуу каражатты башка жаратман ишке жумшоо – жаштар – эмгек – коом. Ушинтип өзүбүзгө өзүбүз жардам кылмакчыбыз. Биздин жакшылык айлампабызга кошул! Таза шаарда жашоо жагымдуу гана эмес, ар бирөөбүз татыктуубуз! Белгиленге жерде жолугушалы!»
Регистрация каалоочулар үчүн 18-апрел саат 18.00гө чейин телефондор аркылуу: 690 543, 690 667, 690 547, 690 546 же электрондук почта: fpi.kg@mail.ru
Толук маалымат сайтыбызда: www.fpi.kg
ММК бул жаштардын демилгесин колдоого чакырабыз.
Добавить комментарий