Саидмурод Давлатовдун тренинги боюнча пресс-релиз
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбековдун атынан ѳзгѳчѳ мүмкүнчүлүк катарында акысыз 4 күндүк Саидмурод Давлатовдун каржы сабаттуулугу боюнча "Акчаны сактоо жана аны кѳбѳйтүү" аттуу тренинги сунушталат.
Пресс-релиз
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбековдун атынан ѳзгѳчѳ мүмкүнчүлүк катарында акысыз 4 күндүк Саидмурод Давлатовдун каржы сабаттуулугу боюнча "Акчаны сактоо жана аны кѳбѳйтүү" аттуу тренинги сунушталат. Тренинг 18-21-октябрда, “Октябрь” кинотеатрында саат 9.00-11.30 чейин тѳмѳндѳгү темалар боюнча ѳткѳрүлѳт:
1. Бай жана кедейдин ой жүгүртүүсүнүн ѳзгѳчѳлүгү
2. Мен жана акча
3. Нѳлдѳн башталган капитал
4. Каржы планы
5. Адамдардын аң-сезиминдеги тоскоолдуктарды жоюу
Тренингге толук катышкан катышуучуларга сертификаттар берилет.
Суроолор боюнча Фонддун почтасы fpi@mail.ru же тѳмѳнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: 0312 690546, 0312 690547, 0312 690667.
С. Давлатовдун тренингтери турмуштун каржы жана акыл-ой чѳйрѳсүндѳ ѳсүүгѳ жана тынчсыздандырган суроолорго жооп алганга жардам берет. Ошондой эле ар бир адамдын ички жѳндѳмдүүлүгүн жакшыраак билип, жаны кубат жана идеялардын жаралышына түрткү берет. Тренингтер каржы кѳз карандысыздыктан арылууга, тынчтыкка, ишенимдүүлүккѳ жана койгон максаттарга жетүүгѳ шарт түзѳт.
Бизнес-тренер жѳнүндѳ кыскача маалымат:
С. Давлатов - психология илимдеринин доктору, эл аралык бизнес-тренер, бизнесмен, ошондой эле“Кумурска философиясы” аттуу китептердин автору, ырчы, спорт чебери. Дүйнѳдѳгү белгилүү бизнес-тренерлердин: М. Норбеков, Б. Шефер, Б. Трейси, С. Кови окуучусу, андан тышкары “Само” аттуу эл аралык адам өнүгүү борборунун негиздөөчүсү жана президенти болуп саналат.
Добавить комментарий