7-ноябрь - жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн кесиптик майрамы
05.11.2013 http://ktrk.kg/ky/content/7-noyabr-zhalpyga-maalymdoo-karazhat-okuldorunun-kesiptik-mayramy
Майрамга карата, Прогрессивдүү демилгелер фонду журналисттер арасында өткөргөн “Акыл-Тирек” сынагын жыйынтыктады. Сынак Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен биргеликте уюштурулуп, аны “Росинбанк" колдогон.
Элге кызмат кылгандардын эң башкы сыйлыгы - бул элдин колдоосу. Элдин пикирин эске алуу максатында “эл тараза, эл сынчы” принцибин карманып, жасаган эмгеги үчүн эл оозуна алынып, окурман, угарман жана көрүүчүлөрдүн ой капчыгын толтуруп келген, “төртүнчү бийлик” деп эсептелген журналисттердин “мыктысына” Прогрессивдүү демилгелер фонду “Акыл-Тирек” сыйлыгын тапшырды.
Прогрессивдүү демилгелер фондунун жетекчиси Аскар Салымбеков: “Бүгүн мыкты журналисттер тандалды. Катыша албай калган журналисттерди эмки кароо-сынакка чакырабыз.”
Атайын жобо боюнча, “Акыл-тирек” сыйлыгынын татыктуулары эки багытта тандалды. Биринчиси - ар бир жамаат өз кесиптештерин сунуштаган. Экинчиси - социалдык тармактарда көп добуш алгандар жеңүүчү болгон. Алардын арасында КТРКнын журналисттери Назира Ахмедова жана Каныкей Жунусова жана Нуркыз Караева бар.
КТРК "Ала-Тоо" студиясынын чыгаруучу редактору Каныкей Жунусова: “Майрам алдында прогрессивдүү демилгелер фонду тарабынан өзгөчө көңүл бурууга ээ болуп жатабыз. Фонд - мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн жаңы идеялар менен жаңы көз караштарды жараткан фонд болуп калды."
КТРК "Ала-Тоо" студиясынын атайын кабарчысы Назира Ахмедова: “Күн сайын өзүңдүн сүйүктүү ишиңди жасаган - бул абдан жакшы нерсе деп ойлойм, бул жашоодо. Ошол сенин жасап жаткан ишиңди бирөө баалап, ушундай сыйлык берип жатканына аябай ыраазымын. Бул жеке эле менин сыйлыгым эмес, менин жамаатымдын сыйлыгы.”
“Акыл тирек” сыйлыгы 8 багытта берилди. Алардын арасында КТРКнын “Замана” студиясынын алып баруучусу Нуркыз Караева да бар. Ал “Теле көз караш” сыйлыгына ээ болду.
КТРК “Замана” студиясынын алып баруучусу Нуркыз Караева: “Бул жеңиш мен үчүн аванс түрүндө берилди болуш керек. Мен жетише турган ийгиликтер, бийиктиктер дагы алдыда болуш керек. Мен абдан ыраазымын. Бул бизге дагы стимул болот.”
Буга чейин жаш илимпоздорго да “Акыл-Тирек” сыйлыгы ыйгарылып, алардын эмгегин камтыган китеп чыгарылган. Кийинки жылы бүгүнкү сыйлык ээлери да “Акыл-Тирек” китебине киргизилет.
Альбина Сулайманова, Алтынхан Бабаев, КБК.
05.11.2013 http://ktrk.kg/ky/content/7-noyabr-zhalpyga-maalymdoo-karazhat-okuldorunun-kesiptik-mayramy
Добавить комментарий