Бажы биримдигине киришибиз керекпи деген суроого жооп издейбиз (видео)
19.07.2013 http://ktrk.kg/ky/content/bazhy-birimdigine-kirishibiz-kerekpi-degen-suroogo-zhoop-izdeybiz-video
Окумуштуулар менен коомдук ишмерлер мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган өздөрүнүн «Акыл Кубаты» деп аталган программасын иштеп чыкты. Бул документ "Прогрессивдүү демилгелер" фонду тарабынан бүгүн уюштурулган форумда талкууга коюлду. Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды кабарчыбыз угуп келген.
Өлкөнү өнүктүрүү макматында түзүлгөн "Прогрессивдүү демилгелер" коомдук фонду үч багыт боюнча жумуш топторун түзгөн. Ар бир жумуш тобу өзүнө бөлүнгөн тармактар боюнча иликтөөлөрүн жүргүзүп, сунуштарын берди. Алардын бири Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесин карап, пайдасы менен зыяны боюнча өз турумун билдирди.
Камалбек Карымшаков, Коомдук документтерди даярдаган жумушчу топтун өкүлү:
“Бажы биримдигине киришибиз керекпи деген суроого жооп издейбиз. Бажы биримждигине кирүүнүн пайдасы эмнеде болушу мүмкүн жана жоготуусу эмне болушу мүмкүн, бул жөнүндө негизги багыттарды белгилеп кеттик. Экономикалык саясатка жалпы сунуштарды киргизүү менен, кантип тобокелчиликти азайтып, пайдасын көбөйтөбүз, ошолорду белгиледик."
Топтун мүчөлөрү коррупциялык иштерди да иликтеген. Жыйынтыгында, мамлекеттик кызматкерлердин арасында, ал тургай мектептер менен бала-бакчаларда да жемкорлуктун күч экени байкалган.
Эркин Ракимбаев, Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт:
“Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзам бузуулары боюнча байкоо жүргүздүк. Мында коррупция өзүнүн басымдуулугун көрсөттү. Жумушчу топ бул боюнча тиешелүү жыйынтыктарды иштеп чыкты. Ар бир жаран мыйзамды ураматтап, ага баш ийиши керек, короо шыпыргычтан баштап, жогорку кызматкерлерге чейин өз жоопкерчилигин мыйзам алдында сезсе.”
Мамлекеттин жаңылануусун көздөгөн сунуштар интернетке жарыяланып, коомдун талкуусуна коюлат. Аналитиктер аларды электен өткөрүп, пайдалуусун тандайт.
Аскар Салымбеков, Коомдук ишмер:
“Бүгүнкү көтөрүлүп жаткан маселелер мамлекеттик идеологияны түптөөгө салымын кошот деген ойдомун. Коомдогу демилгелердин негизинде жаратман идеялардын базасын түзүп, элдин катышуусу менен идеологияны түптөп алсак. Идеялык картанын өзөгүн жоопкерчиликтүү жарандардын клубу түзөт.”
Г. Кулматова, Б. Шерманбетов Коомдук биринчи канал
19.07.2013 http://ktrk.kg/ky/content/bazhy-birimdigine-kirishibiz-kerekpi-degen-suroogo-zhoop-izdeybiz-video
Добавить комментарий