"Манас" университетинде “Акыл тирек: сунуштар жана пикирлер” конференциясы өттү
25.10.2013 http://ktrk.kg/ky/content/manas-universitetinde-akyl-tirek-sunushtar-zhana-pikirler-konferenciyasy-ottu
Бүгүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Прогрессивдүү демилгелер фонду “Кыргызстандын идеялык картасы” деген долбоордун алкагында уюштурулган “Акыл тирек: сунуштар жана пикирлер” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Ага мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, жогорку окуу жайлардын жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, бизнес жана каржы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Конференция - сынак жыйынтыгы боюнча экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында тандап алынган, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө боло турган илимий эмгектерди, сунуштарды жана алардын авторлорун коомчулукка таанытуу максатында уюштурулду. Иш-чаранын алкагында Прогрессивдүү демилгелер фонду менен Кыргыз-Түрк "Манас" университети ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду. Жакынкы күндөрү "Акыл-тирек" сынагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер арасында да өтөт.
Аскар Салымбеков, прогрессивдүү демилгелер фондунун жетекчиси: "Жетинчи ноябрь - журналисттердин күнүнө карата "Акыл-тирек" сынагын өткөрүп жатабыз. Азыр 70тен ашык талапкер түштү. Биз аналитика менен алек болгон журналисттер, коомго, мамлекетке кереги тийген материалдарды жазган журналисттерди “Акыл-тирек” кылсак деген комиссия иштеп жатат.”
Себахаттин Балжы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору: “Акыл-тирек” абдан маанилүү иш. Бул жаштардын, жаш ишкерлердин бизнес чөйрөсүндө чыгышы үчүн абдан маанилүү демилге. Жаштарга жакшы мүмкүнчүлук түзөт. Биз бул жөнүндө Аскар Салымбеков мырзаны жана бул фондду колдоп беребиз. Бул абдан керек.”
25.10.2013 http://ktrk.kg/ky/content/manas-universitetinde-akyl-tirek-sunushtar-zhana-pikirler-konferenciyasy-ottu
Фото галерея
Добавить комментарий