ЖАШ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР ҮЧҮН «АКЫЛ ТИРЕК» НААМЫ
Терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштарын жана кеңештерин берип келген же бера ала турган, ошондой эле бул илимдин өлкөбүздө өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбызды эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоп коюуну туура көрдүк. Бул биздин жаш окумуштууларыбыздын эмгегине таазим кылуубуз жана жаштарды билимге умтулуп, акылга таянуусуна кошо турган салымыбыз деп ойлойбуз. Бул багытта биз бардык жогорку окуу жайларына жана Улуттук Илимдер Академиясына кайрылып, алардын жамаатынын чечими жана пикири боюнча “Акыл Тирек” наамына татыктууну бирге аныктоону сунуштап жатабыз.
Жаш Интеллектуалдар үчүн «Акыл Тирек» наамы
Мамлекетибизде терең изилденген курч ойлору жана өзгөчө сунуштары менен мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө жол көргөзө алган акылгөй инсандарыбызды колдоо жана алардын өнүгүү үчүн зарыл ойлорун калкка жеткизүү, аларды жаштарга үлгү жана элибизге тирек катары көрсөтүү максатында “Акыл Тирек” аттуу премия негиздеп, аны татыктуу атуулдарыбызга ыйгарууну коомчулукка сунуштап жатабыз. Максатыбыз - өзүбүздүн акылмандарыбыздын асыл ойлорун жана баа жеткиз эмгектерин баалап жана аны даңазалоо менен мамлекетибизде идеялык чоң бурулушка түрткү берүү аркылуу ири өзгөрүүлөргө негиз боло турган улуттук акыл казынабызды куруу болуп саналат.
Терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштарын жана кеңештерин берип келген же бера ала турган, ошондой эле бул илимдин өлкөбүздө өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбызды эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоп коюуну туура көрдүк. Бул биздин жаш окумуштууларыбыздын эмгегине таазим кылуубуз жана жаштарды билимге умтулуп, акылга таянуусуна кошо турган салымыбыз деп ойлойбуз. Бул багытта биз бардык жогорку окуу жайларына жана Улуттук Илимдер Академиясына кайрылып, алардын жамаатынын чечими жана пикири боюнча “Акыл Тирек” наамына татыктууну бирге аныктоону сунуштап жатабыз.
“Акыл Тирек” наамына сунуштала турган жаш окумуштууга коюлган негизги талаптар:
Биринчиден, илимий даражага ээ болуусу жана жаш курагы 40 жаштан ашпоосу;
Экинчиден, мамлекеттик же эл аралык беделдүү журналдарда жарыяланган терең изилдөөлөрүнүн болуусу;
Υчүнчүдөн, мамлекеттик ар кандай программалар, стратегиялар жана чечимдердин иштелип чыгышында конкреттүү сунуштарды берип жүргөндүгү;
Төртүнчүдөн, өз илимий тармагы боюнча мамлекеттик эффективдүү чечимдердин кабыл алынышына негиз боло турган илимий иштери жана конкреттүү сунуштары болуусу керек.
Добавить комментарий