БҮТКҮЛ ДҮЙНӨДӨГҮ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН «АКЫЛ ТИРЕК» КОНКУРСУ
«Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында мамлектибиздин тарыхында биринчи жолу «Акыл Тирек» аттуу Кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк жарышы уюштурулууда. Жарыш дүйнө жүзү боюнча биздин гана жараандар арасында өткөрүлөт. Катышуучулар арасынан жаңыча өнүгүүнү сунуштагандар, жаңылануу менен мамиле кылгандар, өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө өзгөчөлөнгөн жана таасирдүү идея жана сунуштарды көрсөтө алгандар тандалат. Ошондуктан жарышка терең изилденген, жаңычылдык менен айырмаланган (жанычылдык камтылган), өзгөчө ой-жорумдагы жана коомдук өнүгүүгө туура багыт берген, оң жактуу өзгөрүүлөрдү сунуштап киргизе алган илимий эмгектер кабыл алынат.
Бүткүл дүйнөдөгү Кыргызстандыктардын
«Акыл Тирек» конкурсу

Бүткүл дүйнөдөгү Кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсу – бул жаңы жана новатордук көз караштары, терең изилдөөлөрү, уникалдуу идеялары менен өнугүүнүн жаңы горизонтторун ачып, мамлекеттин акыл тиреги боло ала турган гениалдуу жана ишбилги атуулдарыбызды таап чыгуу жана колдоо болуп саналат.
Миссия - Дүйнө жүзү боюнча атуулдарыбыздын арасынан гениалдуу сунуштарды, жаңычыл жана эффективдүү чечимдерди, ошондой эле терең изилдөөлөрдү таап чыгуу, колдоо жана алдыга сүрөө менен мамлекетибизде модернизацияга, масштабдуу өзгөрүүлөргө жана эффективдүү реформаларга жол ачуу.
Конкурстун маңызы - Потенциалдуу реформатор, күчтүү изилдөөчү жана аналитиктерге коомчулукта, мамлекеттин келечегин аныктап, анын өнүгүшүнө чоң салым кошо ала турган гениалдуу адам катары таанылып жана сыйланышы үчүн «уникалдуу шарт».
Баалуу стратегиялары жана конкреттүү сунуштары менен туура жолду көргөзүп жана багытты аныктай турган чыныгы реформаторлордун пайда болушуна жол ача турган «механизм» десек болот.
Мамлекетибизде терең изилдөөлөргө жана жыңычылдыктарга түртүк бере турган «чоң мотивация».
Жарыш, атуулдарыбызды мамлекеттик деңгээлде гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде да ири идеялык бурулушка себепкер болушуна түрткү бериши керек.
Сыйлык тапшыруу аземи – жарыштын эң маанилүү бөлүгү болуп, конкурсттун жеңүүчүүлөрү салтанаттуу түрдө өз эмгектери менен коноктор жана аземдин катышуучуларынын алдында таанытылат. Аземдин эң негизги салтанаты болуп “Акыл Тирек” премиясын тапшыруу саналат.
Сыйлык фонду – 1 000 000 сом. «Алтын» премиянын лауреаты - 10 000 $, «Күмүш» премияныкы – 7 000 $ жана «Коло» премиясыныкы - 5 000 $ сыйлыктарга ээ болушат.
“Акыл Тирек” премиясы – бүгүнкү Кыргызстандын жана Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу стратегиялык изилдөөлөр жана жаңылануу жаатындагы алгачкы премия катары уникалдуу иштердин өнүгүшүнө түрткү берет. Бул конкурстун лауреаттарына акчалай сыйлыктар берилет. Ал эми премияга татыктуу деп табылган жеңүүчүлөр өлкөбүздүн интеллектуалдык ресурсунун негизги тиреги катары “Акыл Тирек” аттуу китебинде өз атын түбөлүкө калтыра алат.
“Акыл Тирек” китеби – бул Кыргызстандын жаңы тарыхый баракчасы болуп, ал жерде өзгөчө жана жаңычыл көз караштары менен идеялык чоң бурулуш жасаган инсандардын ысымдары түбөлүккө гениалдуу реформаторлор деген наамда жазылып калмакчы.
Добавить комментарий