Наверх
  • 0 (312) 620921

Алдыңкы идеялар

Жобо - Бүткүл дүйнөдөгү Кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» Жарышы

Конкурстун уюштуруучусу «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» (мындан ары Фонд) болуп саналат. Бул жобонун максаты Фонд жана уюштурулуп жаткан жарыш туурасында тура пикир пайда кылуу, сунушталып жаткан иштердин сапатын арттыруу, ошондой эле баардык «Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорунун катышуучуларын конструктивдʏʏлʏккɵ жана аракеттерин бириктирʏʏгɵ чакыруу болуп саналат.

Бүткүл дүйнөдөгү Кыргызстандыктардын

«Акыл Тирек» Жарышы

 

Негизги жоболор

Конкурстун уюштуруучусу «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» (мындан ары Фонд) болуп саналат. Бул жобонун максаты Фонд жана уюштурулуп жаткан жарыш туурасында туура пикир пайда кылуу, сунушталып жаткан иштердин сапатын арттыруу,  ошондой эле «Кыргызстандын Идеялык Картасы» долбоорунун бардык катышуучуларын конструктивдʏʏлʏккɵ жана аракеттерин бириктирʏʏгɵ чакыруу болуп саналат.

Жарыш дүйнө жүзү боюнча кыргызстандыктар арасында өткөрүлөт. Катышуучулар арасынан жаңыча өнүгүүнү сунуштагандар, жаңылануу менен мамиле кылгандар, өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө өзгөчөлөнгөн таасирдүү идея жана сунуштарды  көрсөтө алгандар тандалат.  

Катышуучулар

Конкурска окумуштуулар, эксперттер, аналитиктер жана Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат. Жаш курагы 23 жаштан жогору болушу шарт. Бир адам катышууга бир гана билдирүү таштай алат. Иштин атворлорунун саны чектелбейт. Жеке тараптардан атынан ишке жоопкерчиликтүү бир гана адам катышуу билдирүүсүн бере алат. Юридикалык жактар аныкталган жоопкерчиликтүү адамдын атынан реквизиттерин жазуу менен билдирүү таштаса болот. 

Илимий иштерге коюлган негизги талаптар

Жарышка терең изилденген, идеянын жаңыча түрү менен айырмаланган, өзгөчө ой-жорумдагы жана коомдук өнүгүүгɵ туура багыт берген, оң жактуу өзгөрүүлөрдү сунуштап киргизе алган илимий эмгектер кабыл алынат.

Иштин жалпы көлөмү  10 беттен кем эмес, 20 (жыйырма) беттен кɵп болбошу зарыл.  Барактардын форматы А4, кыргыз тилинде жазылган эмгектер үчүн Kyrgyzfnt жана орус тилиндеги иштер үчүн Times New Roman шрифти жана 12 өлчөмүндөгү пункту менен жазылат. Саптар арасындагы  аралык 1,15 (бир  жарым)  см,  барактын сол жак бурчунан 3,0 см,  үстүнкү жана  астынкы жагынан 2, оң жак бурчунан 1,5 см бош  орун  калтыруу  керек.

Эгерде иштин кɵлɵмʏ 20-25 барактан аша турган болсо, анда иштин кошумча кыскача нускасы (кыскача тʏшʏндʏрмɵсʏ) жазылат. Кыскача нускада иштин кыскача тʏшʏндʏрмɵсʏ жазылып, ал жерде          анда иштин максаттары, тапшырмалары, ошондой эле коюлган маселелерди чечʏʏнʏн механизмдери жана кʏтʏлгɵн жыйынтыктар чагылдырылышы керек. 

Кыскача версияда илимий иштин аналитикалык негизи сакталып, анын маңызына жана негизине тɵп келиши керек.

Иштин толук версиясы кыска версиясы менен чогуу жɵнɵтʏлɵт. Баалоого, кыска версиясы колдонулат.

Иштин толук версиясы талаш учурларда эмгектин мазмунун жана маңызын тереңден изилдегенге колдонулат.  

Илимий иштер белгилүү бир илим тармагындагы адистерге гана түшүнүктүү тилде эмес, эмгекти талкууга ала турган жалпы коомчулукка түшүнүктүү жөнөкөй тилде жазылышы керек. Тактап айтканда кесиптик терминдердин чечмеленишин да талап кылат.

Кыргыз жана орус тилиндеги илимий изилдөөлөр кабыл алынат.

Эмгектер оригиналдуу болуп жана бардык коюлган талаптарга жооп бериши зарыл.

Иштин толук версиясынын текстинин мазмуну жана структурасы төмөнкү талаптарга жооп бериш керек:

  • Илимий иштин аталышы; 
  • Автордун визасы;
  • Иштин аннотациясы,  ачкыч сөздөр кыргыз, орус тилинде болуусу керек;
  • Киришүү;
  • Негизги маселени аныктоо (иште жооп бериле турган маселе);
  • Көйгөйгө киришүү;
  • Негизги маселени чечүүнүн  жолдорун анализдөө;
  • Далилдердин системасы жана илимий аргументация (маалыматтарды ачуу жана анализдөөнү камтуу менен);
  • Изилдөөнүн жыйынтыгы жана конкреттүү натыйжалар;
  • Тиркемелер

 

Алгачкы экспертизада илимий иштер төмөнкү шарт жана критерийлердин негизинде бааланат:

                

  • Иштин мазмуну жарышка коюлган талаптарга дал келиши;
  • Коюлган максаттын билдирилген жарыштын темаларына дал келиши;
  • Коюлган тема, максат жана тапшырмалардын так коюлушу;
  • Иштин жыйынтыгын так чагылдыруу;
  • Чыгарылган жыйынтыктардын тактыгы;
  • Жарыштык иштин баардык талаптарга жана шарттарга жараша жазылышы.

 

Комлекстʏʏ экспертизада илимий иштер төмөнкү шарт жана критерийлердин негизинде бааланат:

  • Оригиналдуулугу жана жаңычылдыгы:
  • Чыгарылган жыйынтыктын коюлган максатка дал келиши;
  • Конкурстук иштин максатына жетүү үчүн коюлган тапшырмалардын максатка  ылайыктуулугу
  • Кɵйгɵйлɵрдʏн жʏйɵɵлʏлʏгʏ;
  • Ишти реалдуу практикада колдоно алуунун так жазылышы; 
  • Ишти Кыргыз Республикасында колдоно алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ;
  • Мамлекеттик деңгээлде колдонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ;
  • Ишке ашыруудагы финансылык эффективдʏʏлʏгʏ;
  • Азыркы учурдун талабына жооп бериши жана актуалдуулугу;
  • Экономикалык жана коомдук модернизациянын негиздеринин болушу;
  • Ɵнʏгʏʏнʏн жаңы багыты жана системасынын камтылышы;
  • Сунушталган ишке ашыруу механизмдеринин ɵзгɵчɵлʏгʏ;

 

 

Конкурстук иштерге тɵмɵндɵгʏчɵ чектɵɵлɵр коюлган:

- улуттук азчылыктардын намыс жана беделине шек келтире турган сунуштарды берʏʏгɵ;

- диний жаңжалдарга жана кагылышууларга жол ача турган чакырыктарды жасоого;

- улуттук кызыкчылыкка шек келтирʏʏгɵ: мамлекеттик бʏтʏндʏккɵ жана унитардык тʏзʏлʏшкɵ доо кетире турган сунуштарды берʏʏгɵ;

 

Конкурска катышууга керектʏʏ болгон минималдык документтер:

  • Иштин толук версиясы;
  • Кыска версиясы (иштин 20-25 барактан ашып кетиши);
  • Катышуучунун резюмеси;
  • Фонддун талабы менен керек болгон материалдарды берʏʏ.

 

Төмөнкү жоболорго жооп бербеген конкурстук билдирүүлөр жана катышуучулар конкурстан четтетилет:

  • Мөөнөтүнөн кечигип берилген катышуу билдирүүсү;
  • Конкурстук документтерге жооп бербеген катышуу билдирүүсү;
  • Керектүү документтердин толук жана далил эместиги.

 

Конкурсту уюштуруу тартиби

Катышуу билдирүүлөр жана илимий иштер электрондук форматта редакциянын төмөнкү электрондук адреси аркылуу кабыл алынат: www.fpi.kg (Акыл Тирек – Документти сунушка/Билдирмени толтур)

Конкурс тууралуу жана жыйынтыктар боюнча толук маалымат – www.fpi.kg веб-сайтында  жарыяланат. 

 

Конкурстук иштердин экспертизасы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо.

Конкурстук иштердин экспертизасы эки этаптан турат:

  • Алгачкы экспертиза: тематика, мазмуну жагынан талаптарга жооп бериши;
  • Комплекстүү экспертиза: конкурстук иштердин мазмунунун критерийлерге жооп бериши.

 

Алгачкы экпертиза Фонддун эксперттик группасы тарабынан жүргүзүлөт. Бирок керектүү учурда башка эксперттер да тартылат. 

Комплекстүү экспертиза, атайын чакырылган эксперттер менен бирге Фонддун коомдук кеңеши тарабынан каралат. Коомдук кеңештин берген баасына жараша мыкты иш жана кандидаттар сыйлыктарга сунушталат.

Баа берʏʏ жана тандоо жашыруун тʏрдɵ болуп, катышуучулар жана тандоочу  комиссия дагы анын жыйынтыгын билбейт.

Кызыкчылыктардын кагылышуусу жана адилетсиздик болбошу ʏчʏн ар бир комплекстʏʏ экспертизаны ɵтʏп жаткан ишке атайын идентификациялык номер ыйгарылат.

Комплекстʏʏ экспертизаны ɵтʏп жана жактырылган иштер номианциялардын талапкерлери болушат.  

Жактырылган жана номинациянын талапкери катары 9 дан кɵп эмес иш гана тандалат.

«Акыл Тирек» премиясына тандалган талапкерлердин жеңʏʏчʏлɵрʏн атайын беделдʏʏ жана компетентʏʏ атуулдарыбыздан тʏзʏлгɵн  комиссия аныктайт. Комиссия комплекстүү экспертизадан өткөн гана иштерди карайт жана конкурстун критерийлерине карата жеңүүчүлөрдү белгилеп, сыйлыктын формасын аныктайт. 

Баа берʏʏ жана тандоо жашыруун тʏрдɵ болуп, ар бир комиссиянын мʏчɵсʏ эмгектердин авторлорун жана башка комиссия мʏчɵлɵрʏнʏн бааларын билбестен  ɵз алдынча чечим кабыл алат.. 

Баалоонун жыйынтыгы азем кʏнʏ гана билинип, жеңʏʏчʏлɵр аталат.

Жеңʏʏчʏ катары 3 гана эмгектин авторлору кабыл алынып, алар «Алтын Тирек» премиясы боюнча «алтын», «кʏмʏш» жана «коло» байгелери менен сыйланат. 

Кулактандыруу!

Илимий эмгектер плагиатка жатпаганы текшерилет.

Конкурстун шарттарын жооп бербеген иштер каралбайт.

Конкурска жөнөтүлгөн иштер кайтарылбайт.

Фонд иштердин мазмуну ʏчʏн жоопкерчилик албайт.

Конкурстун жыйынтыгында берилүүчү апелляция кабыл алынбайт.

 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо