А. Салымбеков жана «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013»
Аскар Салымбековдун VII Эл аралык адам укуктары жөнүндө документтүү фильмдер боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» фестивальдагы чыгуусунан:
2013 Кинофестиваль каталогунан:
« Урматту эл аралык документтүү фильмдер боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан-2013» фестивальдын катышуучулары.»
Прогрессивдүү Демилгелер фондунун жана өз атымдан фестивальдын катышуучуларына салам айтам. Биз баарыбыз Кыргыз Республикасынын жараандары катары мамлекеттин тагдырына жоопкерчилик алабыз. «Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивальдын ысымында өзгөчө маани турат. Чындыгында, Кыргызстан – биз жана биздин урпактар жашай турган жалпы үйүбүз, ошондуктан бул жерде коррупцияга, жумушсуздукка, массалык эмгек миграцияга, адам укуктарын бузууга орун жок. Эл аралык фестиваль мигранттардын, финансы, социалдык жардамга муктаж болгондордун жана башка жараандарын укуктарын коргоо жолдорун талкуулоо үчүн көңүл кош карабаган кызматчыларды бир аянтчада жыйноого мүмкүнчүлүк берди.
Белгилеп койсок, фестиваль Кыргызстандагы негизги көйгөйлөргө: эмгек миграциясына жана адам укуктарынын бузулуп жаткандыгына багытталган жана алар мамлекет менен коом тарабынан комплекстүү чечүүгө муктаж. Документтүү фильмдер бизди кадыресе болуп жаткан коомдогу көйгөйлөрдү ойлонттурууга зордойт, себеби документтүү фильмдер анык окуяларды көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн сезимине таасир этип, реалдуулукту сезүүсүн берет. Фестиваль адамдын укуктарын коргоо жөнүндө фильмдерди көрсөткөн соң, коомдогу чыдамдуулук, сабырдуулук жана плюрализм идеяларын өстүрөт.
Бул иш чаранын уюштуруучусуна - «Правозащитное движение: «Бир Дуйно-Кыргызстан» Коомдук бирикмеге демократиялык процесстерин бекемдөөгө, адам укуктарын жана эркиндигин коргоого салым кошуп жаткандыгы, ошондой эле фестивальды татыктуу өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдиргим келет.
Фестивальга жемиштүү эмгек, катышуучуларга – ден соолук, тынчтык жана чыгармачылык ийгилик каалайм.
24 сентябрь 2013ж. Жабуу церемониясынан: « Мына ушул Төлөкан Исмаилова өткөрүп жаткан фестиваль, толук метраждуу кинолор фестивалынын фундаменти. Жана ушул фестиваль биздин борборубузда өткөндүгүнө абдан сыймыктанабыз. Биздин фонд «Алтын Объектив» жана «Өзгөчө көз караш» атайын сыйлыктарын жеңүүчүлөрүн куттуктайт.
Добавить комментарий