Кой Таш отелинин конференц залында өткөн «Инновационный потенциал малого и среднего бизнеса в КР» аттуу тегерек стол өттү
2июльда 2013ж Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Стратегиялар Изилдөөлөр Улуттук институт менен бирге Кой-Таштагы конференц – залында «Инновационный потенциал малого и среднего бизнеса в КР» аттуу тегерек столду уюштурду.
Баяндамачы катары эксперттер Азамат Аттокуров жана Индира Арунова чыгышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттин, ассоциациялардын, илимий жана эксперт тармактарын өкүлдөрү болду.
Ошол тегерек столдун максаты – Кыргыз Республикасынын кичи жана орто бизнестердин көйгөйлөрүн, перспективаларын коомго көрсөтүп жана аларды туура колдонуш үчүн, ой пикирлерди, сунуштарды кабыл алууда.
Презентация учурунда узак мөөнөттөгү крудиттердин , илимий потенциалдын, суроосуз эномомиканын, технологиялык өнүгүүнүн жоктугу, жана башка кичи жана орто бизнестердин көйгөйлөрү көрсөтүлдү. Инновация процесстерине таасир эткен ички факторлорго: баштоочулукту, илимий, техникалык жана финансы потенциалдарды эсепке киргизди. Ал эми конкуренцияны, консультанттарды, алуучуларды, венчурдук фонддорду жана инкубаторлорду тышкы факторлордун катарына кошту.
Эксперттер мисал катары, дүйнөдөгү алдыңкы орундагы мамлекеттердин инновация колдонуу тармагындагы тажрыйбаларын келтирди. Швейцария, Түштүк Корея жана Жапония баштоочу үч өлкө болуп эсептелет. Авторлор “hardware” ден”software”ге өткөн, Google, Apple, Microsoft деген белгилүү ишканаларды белгилеп кетишти.
Жыйынтыкта баяндамачылар төмөндөгү сунуштарды беришти:
1. Туура инвестициялык саясатты жүргүзүү
2. 30% мамлекеттик катышуучусу менен венчурдук фондду колдонуу.
3. Технопарк ачуу (Илим Академиясы)
4. Инновация, өндүрүп чыгаруу ишканаларга салым жана бажы багыттардан жеңилдетүү менен камсыздоо.
5. Инновация өндүрүмдөр боюнча көргөзмө жана конкурс өткөрүү.
6. Чет өлкөдөн жогорку квалификациядагы адистерди чакыруу.
7. JSP+ программа боюнча билдирме берүү ( Еврошериктерге 10 күн ичинде өндүрүмдөрдү жиберүү)
8. Айыл чарба өнүмдөр жана жетекчилик сапаттар сертификаттарды илгерилетүү.
Кыргыз Республикада инновацияларды аутсорсинг маалымат – коммуникация, электр энергия, илимий, айыл чарба өнүмдөрүн кайтадан иштеп чыгуу деген перспективдүү тармактарда кодонуусу зарыл экенин белгилеп кетишти. Кошумча да, маалымат-коммуникация тармагы эң перспективдүү экенин айтышты.
Презентациянын соңунда тегерек столдун катышуучулары инновациялардын экономикага сиңдирүү боюнча суроолор жана сунуштарды айтышты.
Презентациянын толук версиясын таанышыш үчүн http://prezi.com/slsqgy1xz3gn/untitled-prezi/ шилтемесине басыңыз.
Добавить комментарий