"АКЫЛ ТИРЕК" ПРОГРАММАСЫ
ФОНДДУН ДОЛБООРЛОРУ
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду “Кыргызстандын Идеялык Картасы” долбоорунун алкагында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу улуттук денгээлдеги “Акыл Тирек” жана “Акыл Кубаты” аттуу проектилерди ишке ашырууда. Бул программалардын максаты гениалдуу инсандарды жана кесипкөй адистерди таап чыгып алдыга сүрүү, жаратман идеялардын жана аракеттердин ишке ашуусуна түрткү болуп өлкөбүздүн оң жака өзгөртүү болуп саналат.
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН “АКЫЛ ТИРЕК” ЖАРЫШЫ
«Акыл Тирек» премиясы- стратегиялык изилдɵɵ жана жаңычылдык багытындагы мамлекетибиздеги алгачкы премия болуп, коомчулукта жаратман жаңы салттын башталышына жол ачышы керек."
А. Салымбеков
Бүткүл дүйнөдөгү Кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсу дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандын атуулдарынын арасында өтөт. Конкурстун негизги максаты жаңы жана новатордук көз караштары, терең изилдөөлөрү, уникалдуу идеялары менен өнугүүнүн жаңы горизонтторун ачып, мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын жакшырта ала турган гениалдуу жана ишбилги атуулдарыбызды таап чыгуу жана колдоо болуп саналат.
“Акыл Тирек” премиясы – бүгүнкү Кыргызстандын жана Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу стратегиялык изилдөөлөр жана жаңылануу жаатындагы алгачкы премия катары уникалдуу иштердин өнүгүшүнө түрткү берет. Ал эми премияга татыктуу деп табылган жеңүүчүлөр өлкөбүздүн интеллектуалдык ресурсунун негизги тиреги катары “Акыл Тирек” аттуу китебинде өз атын түбөлүкө калтыра алат. Бул конкурстун лауреаттарына акчалай сыйлыктар берилип, бул баа жеткис адистерди алга сүрөө максатында интернет ресурстардын жана массалык маалымат каражаттардын жардамы менен атайын пресс-конференциялар жана жолугушуулар уюштурулат.
Сыйлык тапшыруу аземи – жарыштын эң маанилүү бөлүгү болуп, конкурсттун жеңүүчүүлөрү салтанаттуу түрдө өз эмгектери менен коноктор жана аземдин катышуучуларынын алдында таанытылат. Аземдин эң негизги салтанаты болуп “Акыл Тирек” премиясын тапшыруу саналат.
“Акыл Тирек” программасы терең изилдөөчүлөр, наватордук көз караш менен айырмаланган потенциалдуу реформаторлорго өлкөбүздүн келечегин оң тарапка өзгөртүүгө салым кошкон гениалдуу инсан катары таанытууга уникалдуу шарт түзөт. Жана ошондой эле бул программада да көйгөйлүү маселелердин инновациялык жолдорун табууга, профессионалдык денгээлин жогорулатууга, терең изилдөөлөргө умтулууга шарттар түзүлгөн.
“Акыл Тирек” салтанаттуу азем тапшыруу өсүп келе жаткан жаш профессионалдар үчүн жаңы эмгектерди жаратууга багыт алган жакшы традиция болмокчу.
2013-жылдын 7-сентябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Фонд тарабынан экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында маанилүү өзгɵрүүлɵргɵ жол ача турган ɵзгɵчɵ илимий эмгектер арасында “Акыл Тирек” наамы ыйгарылды. Бул эки багытта 100дөн ашуун орчундуу идеялар келип түшкөн. Келген ар бир материалдар тыкыр талдоодон өтүп, 14 жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылып, дипломдор жана Фонд тараптан дайындалган статуэтка менен сыйланышты. Мындан сырткары ЖОЖдон жана КР Улуттук Илимдер Академиясынан көрсөтүлгөн 45 жаш окумуштууларга жана окутуучуларга “Акыл Тирек” премиясы ыйгарылды.
Ал эми 2013-жылдын 5-ноябрында “Акыл Тирек” II салтанаттуу азем тапшыруу журналистер арасында болуп өттү. Бул премия ММК көрсөткөн жана “Элдик добуш берүүдөн” өткөн Кыргызстандын мыкты журналистерине тапшырылды. Салтанаттуу азем Кыргызстандын басма сөз жана маалымат күнүнүн алдында журналистикалык кесиптин кыйындыгына карабай, талыкпай эмгектенген, окуяларды обьективдүү чагылдырган, өзгөчө аналитикалык макалаларды жараткан профессионал журналистерди колдоо максатында болуп өттү. Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы биргеликте бардык массалык маалымат каражаттарынын ар кандай тармактарынан тактап айтканда, телекомпания, радио, гезит-журнал, маалымат агенттиктеринен татыктуу, элге эмгеги сиңген журналисттерди өздөрү сунуштоосун талап кылды.
Добавить комментарий