“Мамлекет жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыктын айыл-чарбасындагы байырлашуу практикасы, суу жана токой секторлорундагы ролу” аттуу кош аймактык конференция болуп өттү.
2013-жылдын 25-26-ноябрларында Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун катышуусу менен “Мамлекет жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыктын айыл-чарбасындагы байырлашуу практикасы, суу жана токой секторлорундагы ролу” аттуу кош аймактык конференция болуп өттү.
Конференцияны Борбордук Азиядагы Аймактык Экологиялык Борбор уюштурду (РЭЦЦА). Борбордук Азиядагы мамлекеттердин беш өкүлдөрү (Кыргызстан, Казахстан, Туркмения, Таджикистан, Узбекистан), улуттук жана эл-аралык эксперттер, жана ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болуп Мамлекет жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыктын айыл-чарбасындагы байырлашуу практикасы,азыркы кездеги климаттын алмашуусундагы суу жана токой секторлорундагы ролу жөнүндө талкуу өткөрүштү. Прогрессивдүү Демилгелер Фонду конференцияга Мамлекет жана ишкерлер ортосундагы кызматташтык боюнча эксперт катары чакырылды. Фонд тараптан конференцияга жумушчу топтун мүчөлөрү Алкадырова Ч. М, Омурбекова М. О, Рахмидинова А. жана фонддун кызматкери Болокбаева Н. Ы катышышты.
Конференцияда климаттын өзгөрүлүшү менен суунун Борбордук Азиядагы аймактык жана регионалдык коопсуздукка тийгизген таасири боюнча докладдар презентациаланды. Орточо жылдык температуранын өсүшү менен муздун тездеп ээрүүсүнүн жылына 1%тен жогорулаганы боюнча акыркы изилденген эмгектерди окуп өтүштү. Илимий прогноз боюнча 2050 -жылы Амударыя и Сырдарыяларынын агып чыгышы 10-15%, 6-10% катышта төмөндөйт.
Конференцияга катышкандардын көпчүлүгү белгилегендей Экологиялык системаны сактоо боюнча проект жана программаларды ишке ашырууда мамлекет жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыкты колдонуу эффективдүү болмокчу.
Фонд Конференцияда эки доклад презентациялады. Алкадырова Ч. “Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык өнүктүрүүнүн концепциясы” аттуу Коомдук документти, Рахмидинова А. « Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык экологиялык факторлорду эске алуу менен жеке ишкердин кызыкчылыгы «. Биринчи докладда Коомдук документтин иштелип чыккан тарыхы, кызматташтыктын негизги принциптери жана механизмдери жана ошондой эле өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтылды. Кызматташтыкты түзүүнүн теоретикалык жолдору көргөзүлгөндүктөн, бул доклад бардыгына кызыгуу жаратты. Ал эми экиничи доклад мамлекет жана жеке ишкердин кызыкчылыгын эске алаган кызматташтыктын ченемдик-укуктук негизин камтыды.
Конференциянын акырында резолюцияга кол коюлуп, мамлекетик органдарга жана коомго сунуштоо чечими кабыл алынды. Климаттын анык өзгөрүлүшү, анын жыйынтыгында масштабдуу өзгөрүүлөр жана ошондой эле жаратылыштын экономикалык чарба менен тыгыз байланышы Борбордук Азиядагы Өлкөлөрдүн өз учурунда көзөмөлгө алуу керек экенини баса белгиленди.
Добавить комментарий