«Кыргыз Түрк Манас» университетинде “Акыл тирек: сунуштар жана пикирлер” конференциясы өттү.
2013-жылдын 25-октябрында «Кыргыз Түрк Манас» университетинде “Акыл тирек: сунуштар жана пикирлер” конференциясы өттү. Илимий конференцияны Прорессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргыз Түрк Манас» университети менен биргеликте уюштурду.
Конференция “Кыргызстандын Идеялык Картасы” долбоорунун алкагындагы Бүткүл Дүйнөлүк Кыргызстандыктардын “Акыл Тирек” жарышынын жыйынтыгы боюнча болуп өттү. Ага мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, жогорку окуу жайлардын жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, бизнес жана каржы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Конференция - сынак жыйынтыгы боюнча экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында тандап алынган, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө боло турган илимий эмгектерди, сунуштарды жана алардын авторлорун коомчулукка таанытуу, жана ошондой эле эмгектердин андан ары мамлекетте жана коомдо колдонулушу жана ишке ашыруу боюнча маанилүү сунуштарды алуу максатында уюштурулду.
Конференциянын ачылышында Фонддун негиздөөчүсү А.М. Салымбеков жана Кыргыз Түрк Манас Университетинин ректору Себахаттин Балжы өздөрүнүн куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөштү. Мамлекеттин экономикасынын өсүшү аны туура башкаруу жөндөмдүүлүгүнө көз каранды, ал эми экономика-өлкөнүн фундаменти экендиги жөнүндө бирдей көз караштарын билдиришти. Өзүнүн сөзүндө Салымбеков мындай учурда өзүнүн ишин так билген, профессионал илим жаатындагы практикалык тажрыйбасы, терең изилденген эмгектери бар кадрларга өзгөчө көңүл бурулуш керек экендигин баса белгиледи. Иш-чаранын алкагында Прогрессивдүү демилгелер фонду менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду.
Конференциянын иши эки секцияга бөлүнүү менен өттү: Секция №1. «Экономиканын азыркы абалы: жаңыча көз-караш»; Секция №2.«Мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу механизмдери». Экономика жана мамлекетти башкаруу боюнча “Акыл Тирек” жарышынын жыйынтыгында башкы орундарды алган жеңүүчүлөр өздөрүнүн докладдары менен чыгышты. Докладдар мамлекеттин экономикасынын көйгөйлүү маселелерин камтып, конкреттүү чечүүчү жолдорун сунуштады.
Конференциянын иш алкагында докладчыларга суроолор берилип, талкуу кызуу өттү. Терең изилденген эмгектер компетенттүү, ар кайсы тармактарда анализдеген жарандар тарабынан жазылып, конреттүү сунуштар көрсөтүлгөн үчүн, мамлекттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органары экономикалык политиканы конференцияда айтылган идеяларды, сунуштарды эске алуу менен башкарса болот.
Конференциянын өтүүсү боюнча маалымат бардык массалык маалымат каражаттарына жиберилип, алардын көпчүлүгүнө чоң кызыгуу жаратты. Бул иш-чараны жарык кылууга телевидениелердин, маалымат агенстволордун жана газеталардын журналистери келип катыышты. Алар: КТРК, НБТ, Эхо Манаса, Жаны Ордо газетасы, Обон, Таза Жол, Майдан, Асман пресс ж.б.
Авторы докладов научно-практической конференции «АкылТирек: предложения и рекомендации».
Секция №1. «Экономиканын азыркы абалы: жаңыча көз-караш»
|
Секция №2. «Мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу механизмдери»
|
Касымбеков Рыскул Асангулович «Кыргызстандын агрардык секторун механизациялаштыруунун жолдору» |
Курманов Зайнидин Карпекович «Өткөөл мезгилдеги Кыргызстандагы башкаруу көйгөйлөрүнүн маанилүүлүгү туурасында» |
Дыйканбаева Токтобюбю Саякбаевна «Кризистин башталуу мүмкүндүгүнүн теориясы жана методологиясы (Кыргыз Республикасынын мисалында)» |
Рысбеков Айдарбек Шайыкович «Электрондук табло-А» |
Абакиров Малик-Айдар Барктабасович «Кепилдик фонду - кичи жана орто ишкерлерди өнүктүрүү куралы» |
Молдосанова Гульмайрам Болотовна «Ноосфералык билим берүү - коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн фундаменти» |
Мусакожоев Шайлобек Мусакожоевич «Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүнү бузуунун экономикага тийгизген тетири таасирлерин жоюу концепциясы» |
Сапаев Муса «Программалык максат жана адам фактору» |
Эсеналиева Назира Солтонбековна «Мамлекеттик инвестициялык баалуу кагаздар: азыркы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү» |
Усольцев Валерий Анатольевич «Кыргызстанды модернизациялоонун концептуалдык негиздери» |
Добавить комментарий