- Краудсорсинг деген эмне?
Краудсорсинг – информациялык технологиялардын жардамы менен адамдардын ресурсун мобилизациялоо менен мамлекеттин, коомдун, бизнестин алдында турган белгилүү маселелерди чечүү.
Улуттук краудсорсинг–платформа – бул Фонддун сайтындагы түзүлгөн атайын веб-аянтча. Ал жерде коомдогу актуалдуу маселелер коюлуп, талкууга шар түзүлгөн. Ал жерде идеялардын жыйнагы жана мыктылардын талкуусу, тажрыйба менен бөлүшүүсү бар.
Термин Джеффом Хау (англ. Jeff Howe) аттуу жазуучу жана Марком Робинсоном (англ.. Mark Robinson) Wired аттуу журналдын редактору тарабынан 2006-жылы (crowd англ.- көп адамдын жыйындысы, sourcing – ресурстарды колдонуу) киргилизген. Компетенттүү жарандардын жана энтузиасттардын бир веб аянтчада коомдогу маанилүү маселелерди чечүүсү.
- «Краудсорсинг» термининин ордуна биздин коомго ыйлайык терминди колдонсо мүмкүнбү?
«Краудсорсинг» терминин бүткүл дүйнө жүзү боюнча колдонуп келишет. Аны менен бирге Фонддун «Акыл Кубаты» программасын так чагылдырып, коллективдүү чечимге келүүгө туура түшүнүк болуп саналат.
-Краудфандинг деген эмне?
Финансылык каражатты көпчүлүктөн топтоону түшүндүрүп, (англ. Crowd – көпчүлүк эл Funding – финансылык камдоо) кандайдыр бир продуктуну чыгаруу же бир тейлөө кызматын ишке ашырууну, ар түрдүү иш-чараларды аткарууга, жеке жана юридикалык тараптарга көмөктөшүүнү да көздөгөн түшүнүк болуп саналат.
Бул термин да Краудсорсинг сыяктуу 2006-жылы Джефф Хауи (Jeff Howe) тарабынан киргизилип, бирок бул жерде элдик колдоо илгертен берки түшүнүк экенин да баса белгилөө керек. Мисалы, Нью-Йорктогу Эркиндик статуясы элден топтолгон каражатка тургузулган.
- Биз сунуштаган идеяларды Фонд колдонотпу?
Фонд ЭЧ убакта башка бирөөнүн идеясын колдонбойт. Фонддун негизги милдети коомдогу мыкты идеяларды табуу жана анын авторун колдоо б.а идеяны жана авторду мамлекетке таанытуу, мыйзам чегинде коомго жеткирүү болуп саналат.
- Мамлекеттик бийлик менен иштешүү тууралуу айтып берсеңиз?
Мамлекеттик аппараттагылар Фонддун программалары менен жакындан тааныш. Алар дайым бул программалар менен кызыгып, поитивдүү түрдөгү көз карашта болуп, Фонддун ишмердүүлүгүнө кызыктар болушууда.
- Буга чейин мыкты идея\эмгек, авторлор аныкталдыбы?
«Акыл Кубаты» жана «Бүткүл дүйнөлүк «Акыл Тирек» программалары биринчи кадамын таштап, толу кишке ашып, абдан көп алдыңкы идеялуу инсандар табылды. Ошондой эле неординардуу мыкты эмгек, иштер да аныкталды.
-Коомдук документтер дегенди кандай түшүнүүгө болот?
Коомдук документ – бул компетенттүү инсандардын мыкты идея жана баалуу маалыматтарына негизделип түзүлгөн документ. Ал коомдогу белгилүү маселени чечүү жолун көрсөткөн кнкреттүү сунуш болуп саналат.