ШКУ ишкерлер кеңешинин башкаруусунун алкагында «ШКУ мейкиндигинде кызматташтыкты өнүктүрүү. Жаны базарларды ачуу» аттуу бизнес форумдун отуруму.
11 сентябрьда 2013 г. ШКУ ишкерлер кеңешинин башкаруусунун алкагында «ШКУ мейкиндигинде кызматташтыкты өнүктүрүү. Жаны базарларды ачуу» аттуу бизнес форум уюштурулду.
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүcү Аскар Салымбековдун атынан, Соода-Өнөр жай палатасынын бизнес- партнерлоу менен биргеликте ШКУ ишкерлер кеӊешинин башкаруусунун алкагында, «ШКУ мейкиндигинде кызматташтыкты өнүктүрүү. Жаны базарлар ачуу» аттуу Бизнес-Форум уюштуруусуна финансылык каражат көрсөтүлдү. Ушул жылы 11-чи сентябрда Бишкек шаарындагы «JANNATRESORT» отелинде саат 10.30тан -17.30га чейин Бизнес-Форум өткөрүлдү. Форумдун ачылышы өнөр жайларында даярдалган буюмдар менен, Кыргызстан жөндө видеотасмалар көрсөтүлдү, андан тышкары юридикалык аспектер жагынан бизнес жүргүзүү жана Кыргызстандагы инвестициялык климат жөнүндө айтылды.ШКУ ишкерлер кеңешинин төрагасы, КРнын Соода-Өнөр жай палатасынын президенти, Шаршекеев М. Д., КРнын Биринчи вице-премьер-министри, Оторбаев Д. К., ШКУнун башкы секретары, Мезенцев Д. Ф., жана КМШ өлкөлөрдүн экономика өнүктүрүү министрлигинин, экономикалык кызматташуу жана итеграция департаментинин жетекчисинин орун басары, Кузьмичев К. С. саламдашуу сөздөру менен кайрылышты. Өтүп жаткан иш-чарага Соода-Өнөр жай палатасы жардам көрсөткөндүгү үчүн жана аны татыктуу уюштурганына Шаршекеев М. Д. ыраазычылыгын билдирди, андан тышкары Соода-Өнөр жай палатасынын салымы көрсөтүлгөндүктөн бул иш-чара жогорку деңгелде өткөрүлгөнү анын саламдашуу сөздөрүндө белгиленди. Бул жерде Прогрессивүү Демилгелер Фонду Соода-Өнөр жай палатасы менен биргеликте партнерлор катарында иштешүүдө сыймыктанганын жана иш-чараны өткөрүү үчүн финансалык каражат көрсөткөндүктөрүнө кубанычта болгонун белгилегибиз келет.
Пленардык отурумда «Кыргызстан жана ШКУ: колдонулбаган резервдер» темасы менен Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбековдун атынан, «Дордой» Ассоциациянын Вице-президенти, Прогрессивүү Демилгелер Фондунун коомдук кеңешинин мучөсү, Пономарёв С.В. КРнын аймагында логикалык центрлерди жаратуу керектигин сунуштап чыгарды.
Фонддун Башкы директору, Жумадилов А., ага менеджер Эсенаманов У., жана Фондтун коомчулук менен байланыш бөлүмү болуп «Дүйнөлүк базарлардын шарттары негизинде мамлекеттин эллектрондук жана корпоративдик сатыктары. IT- технологиянын негизинде биргелешкен бизнес-мейкиндик түзүү» №4 секциалык отурумунда катышышты.
Иш-чарада 250 киши катышышты, анын арасынан 62 өкүл Кытай Эл Республикасынан, 60-ка жакын Россия Федерациясынын өкүлдөрү, андан башка Казахстан, Таджикстан жана Өзбек Республикаларынын өкүлдөрү катышып кетишти.
Бул иш-чаранын соңунда Прогрессивүү Демилгелер Фондунун өкүлдөрү, Соода-Өнөр жай палатасынын окүлдөрү, КР кеңеш тобу жана Россия Федерациясынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекистан, Казахстан жана Таджикистан Республикаларынын өкүлдөр тобтору менен биргеликте Супара комплексинде кечки тамактануу өттү.
Кыргыз Республикасынын Соода-Өнөр жай палатасы бул Бизнес-форумду уюштургандыгы жана ишкерлик тамактанууну жогорку деңгелде өткөргөндүгү үчүн Прогрессивүү Демилгелер Фонду терең ыраазычылыгын билдирет, анткени өтүп жаткан иш-чара биздин мамлекетибиз учун жана ШКУ мамлекеттерине дагы өзгөчө маанилүү болуп эсептелет.
Добавить комментарий