Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА КЫРГЫЗ ЛЕКСИКАСЫ
Жер шаарынын баардык сабаттуу адамдарына кеңири таанымал болгон Ч.Т.Айтматовдун алгачкы романы «Кылым карытар бир күн». Улуу жазуучу өзү атайын белгилеп жазгандай романын 1979-жылдын декабрь айында Чолпон-Атада баштап, 1980-жылдын март айында аяктаган. Тагыраак айтканда алгачкы романын төрт айда жазып бүтүргөн.
Ч. АЙТМАТОВ ЖАНА КЫРГЫЗ ЛЕКСИКАСЫ
Жер шаарынын баардык сабаттуу адамдарына кеңири таанымал болгон Ч.Т.Айтматовдун алгачкы романы «Кылым карытар бир күн». Улуу жазуучу өзү атайын белгилеп жазгандай романын 1979-жылдын декабрь айында Чолпон-Атада баштап, 1980-жылдын март айында аяктаган. Тагыраак айтканда алгачкы романын төрт айда жазып бүтүргөн. Роман Москвада чыгуучу «Новый мир» журналынын № 11 санына жарыяланат. 1981-жылы Кыргызстан басмасы, Молодая гвардия басмасы «Буранный полустанок» деген наамда өзүнчө китеп кылып чыгарган. Мына ушундан кийин москвалык жана жергиликтүү адабиятчылар, сынчылар романдын айланасында өз ой-пикирлерин жарыялашкан. Алар адабий коомчулукка кеңири белгилүү: Н. Попов, Е. Сидоров, Ю. Суровцев, Г. Ломидзе, М. Дудин, К. Асаналиев, Т. Касымбеков, К. Ибраимов жана башка көптөгөн адабият таануучулар болгон.
Романдын англис, немец, француз тилдерине кайра-кайра басылышы окурмандардын зор кызыгууларынан жана суроо-талаптарынан келип чыккан. Орус акыны Евгений Евтушенко романды «Дүйнөлүк адабияттын контекстинде узак өмүр сүрө турган залкар чыгарма»-деп баалаган. Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча көп сандаган илимий изилдөөлөр болду жана мындан ары келечекте дагы уланаары шексиз. Ар бир тилдин өзүнүн лексикасы болору жалпыга белгилүү. Лексика коомдун, илимдин, техниканын, айыл чарбасы менен өнөр жайдын, эл аралык саясий-экономикалык карым-катнаштардын жана башка багыттардын өсүп- өнүгүшү менен тилге жаңы сөздөр, түшүнүктөр, терминдердин кирип тураары закон ченемдүү көрүнүш. Ал эми лексиканын байышында көркөм сөз чеберлеринин, окумуштуулардын, ойлоп табуучулардын ролу зор. Биз бул макалабызда Ч. Айтматовдун алгачкы романы болгон «Кылым карытар бир күндө» кандай сөздөр, сөз тизмектери тилибизге кирип, активдүү сөзгө айланганына токтолуп көрмөкчүбүз. Албетте, «Айтматов жана кыргыз лексикасы» деген багыт өтө чоң, терең изилдөөнү талап кылган маселе. Ал алдыңкы келечекте жазуучунун ар бир чыгармасы боюнча ар тараптуу изилдөөнү, талдоолорду жүргүзүүнү талап кылат. Ч. Айтматов Х. Карасаевдин «Камус наамасына» (Карасай сөздүк) карата жазган пикиринде: «Лексикалык өнүгүүнүн тарыхын, закон ченемдерин көзгө илбей, чет тилдерден алган сөздөрдү ошол бойдон өзгөртпөй колдонуш керек деген демагогияга таянган күчтөр тилибиздин структурасына, сөз курулуш системасына залал келтирип отурат. Кыргыз тилинин ресурстары, кубаттуулугу жөнүндө мына ушул китептин негизинде илимий маалымат түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Сырттан канчалык көп сөздөр кошулуп, алар тилибизге канчалык кошумча байлык келтирип жатса, мунун баарына синонимдер жана түшүнүктөр өз тилибиздин катарынан табылып отурганын «сөздүк» айкын далилдейт» ( Карасай сөздүк. Бишкек. 1996., 854-бет)
Акыркы учурларда мектеп практикасында кеңири колдонулуп, алгылыктуу натыйжаларды берип келе жаткан багыттардын бири предметтер аралык байланыштар болуп саналат. Бул өзгөчө кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарында колдонууга, пайдаланууга ыңгайлуу. Төмөндө сунушталган мисалдарды мугалим кыргыз тили сабагында фонетикалык, морфологиялык, грамматикалык, синтаксистик жана лексикалык талдоолорду жүргүзүү учурунда кеңири колдонуу менен окуучулардын грамматикалык жана адабий түшүнүктөрүн айкалыштырууга, тереңдетүүгө жетише алат. Алар:
- Бийиктеги ак шам тийген айдын буурул жарыгында түлкү эки рельсанын ортосунда ак төш күүгүм жон элес болуп, кыймылсыз турду.
(Ч. Айтматов.III том. Фрунзе 1983. 7-бет. Мисалдар ушул томдон алынды).
- Түн ортосу ченде тоомчонун кепесин көздөй бирөө өжөрлөнө тынбай келатты. (8-бет).
- Ышынбай алдагачан станцияга алпарып, темир тиш салдырып берсе болмок, азыр кары дебей, жаш дебей баары эле ошондой тиш салынып жүрүшпөйбү. (9-бет)
- Үкүбаланын үнү буулуп, кабырчык кабактуу канталаган көздөрүнө жаш тегеренди да, бышак этип алып, акырын ыйлап жиберди. (9-бет)
- Борондунун жепирейген тамдары күрткү менен шыпташ болуп, темир жолду чыбырлаган каткалаң кар тиштеп калат. (14-бет)
- Сен буерге келгениңе наати эки жыл болду, биз Казангап экөөбүз отуз жыл бирге иштегенбиз. (16-бет)
- Киши болсун деп окуткан бала ушул ээ? ЭЭ, несин айтасың, келжирбай чыкты да. Бир көргөндө аяптоор адам. (18-бет)
- Эртең эртеменен телеграмма жибермекчи болду Эдигей, анан кыздар өз чамасына карап бардеш урсун. (20-бет)
- Эдигей аскерден жаңы келип, ушул Борондуга орноп калган жылы Казангап ага көзү балбылдаган майын жүндүү сүт бото энчилеп берген. (28-бет)
- Карыган киши өлсө арты той болсун деп эл анча мөгдөбөйт эмеспи, ошол сыңары коңур ириде баары мамыр-жумур маек үстүндө болушту (30-бет)
- Алар кимдер экенин эч кимибиз билбейбиз, көрбөйбүз, көрүнгөн Мыркымбай-шыркымбайлар кол берип, кандай, жакшы турасыңбы деп учураша берчү кишилер эмес алар. (37-бет)
- Тамандырыкты аттап баратып, эмнегедир кечеги түн эсине кылт этти. (41-бет)
- Эми иштин назилине өтөлү. (49-бет)
- Жергиликтердин ич-ара мунасасы ансыз да татаалданып, коркунуч туудуруп турган чакта биз өз бүтүмүбүздү билгизбейлик дедик да, өз абийир-ызатыбызга ылайык бүт адамзат тукумунун атынан жерден сырткаркы эс-акыл алдына өкүл болуп чыгалы деген бүтүмгө келдик. (53-бет)
- Анан сөөктү чыгарардан мурун өзүнүн да бой-аягын каранып, таңга маал эле даарат алып, сакал-мурутун чегип койгон болчу. Анда экөө тең жаш, кара баштарынан башка байланган буудаты жок. (60-бет)
- Тушоосунан бошотуп да жибериштен таюу тартпайт тентектер. Төтөлөп жүргөнүбүз дурус деди Казангап. (65-бет)
- Бери кара, Сабитжан, мен өз алыма жараша өз ишим бар карабайыр кишимин. (68-бет)
- – Ой, бая эле ошентпейсизби? Кулак-сулак, батрак-шатрак деп баш айланттың го. Сеники бронь тура. (73-бет)
- Меймандарды кечке жуук узатышты. Эдигейдин мартабы балант болуп калган чагы эле, анын үстүнө меймандарга кошулуп ичип да алган, ошол үчүн ойлонбой туруп Казангапка балп эттире айтып салды. (78-бет)
- Өз эркиң, жаным тынч болсун десең актап сал, атым алыска кетсин десең тийбегин. (79-бет)
- Казангаптын ашы кечки ире-ширеде араң өткүдөй. (80-бет)
- Көрүстөндөн ылайыктуу жай таап, оболу өздөрү күрөктөп баштап берсе, жүлгөсү түшкөн соң экскватор чуңкурду ойдогудай кылып чукуп бербейби. (83-бет)
- Абуталип согушта немистердин туткунунда болуп чыкканы үчүн жапа чегишкени болбосо ынтымактуу, мунасалуу үй-бүлө экен. (99-бет)
- Шири кийгизгенден кийин туткундун мойнуна чоң дөңгөлөктөй жалмыяр байлайт, анысы туткун жаны кыйналганда да башын жерге жаздана албасын дегени. (114-бет)
- Күн ысыган сайын темирдей куураган шири жылаңач башты чемгер салгандан бетер кысат. (115-бет)
- Бирок ал эми адам эмес, эс-акылдан айрылган маңкурт кул. Маңкурт итке окшоп ээсин гана ээрчип калат, ээсин гана тааныйт. (115-бет)
- Бирок Сары-Өзөккө улам тереңдеп кирген сайын, кербен тарткан соодагерлер көрдүк деген болжолдуу жерге жакындаган сайын, ошо төөчү маңкурт жолугуп калар маал жууктаган сайын уулум кадимки уул болбой маңыроо-макоо- маң баш бир сөлөкөт болуп чыкса айлам не болот деп, эненин жүрөгү калтаарый баштады, зааркана баштады. (125-бет)
- Машинист да эби-жөнү жок сөлдүр экен, вагондун астынан улам тиякка, кайра биякка эмгектеп өтүп жүргөн Эдигейдин жаны чыгып кетти. (136-бет)
- Жүргүнчүлөрдүн мазагы капарына да кирмек эмес, эгер Эдигей Зарипанын ойлоп турганын көрбөсө. (138-бет)
- Өзүбүз барып тандап алалы, болбосо мына биздин кешик деп камек-самекти салып жиберишпесин деп разъезддин начальнигин көндүрдү. Эшикти саал ачып, балдардын азырлыгына тактай калап коюшкан. (140-бет)
- Азыр балдарга түртөсүнөн угузганда кыйын го. (Абуталиптин өлүмүн) (194-бет)
- Дилинде козголгон жан көчкү өзүн жер көчкүдөй каптап басып келатканын Эдигей экинчи жолу Кумбелге барганда алгач сезди. (204-бет)
- Үкүбала жээкте жүрдү. Эринен теке-тука болуп отура албай, жээкке келгенине көп болгон. (219-бет)
- Октябрдын этегинде эле кар боройлоп, суук тапатаңдан катуу келди. (221-бет)
- Алда шордуу бечара! Таза маңгел болгон турбайсыңбы? (250-бет)
- Азыр эле Сараланы минемин да, ашыгыма жөнөймүн. Же болбосо ырыбыз менен жоругубуз менен силерге буудат болбоско ал экөөбүз жер оодарып кетебиз. (263-бет)
- Төмөнкү зым тартылган бөгөөлгө туш келишти. (266-бет)
- Найман-Эне жаткан кабырстан мындан ары биздики болбой калганына кабыргам кайышат. Күн чыдамы байып баратты. (306-бет)
- Жүрөктөн шүй кетип, көкүрөктөн күй кетип, бирин-бири караан тутуп, түн караңгысын өрт алгандай алдастаткан алааматта үчөө качып баратты. (312-бет)
Келтирилген мисалдардан көрүнүп тургандай лексикабызга жаңы сөздөрдүн, сөз айкаштарынын, кош сөздөрдүн бүтүндөй бир тобу чеберчилик менен киргизилгендигин байкоого болот. Кош сөздөрдүн өзүнчө бир жаңы тиби-түрү жаралгандыгын белгилөөгө тийишбиз. Мисалы: камек-самек, Мыркымбай-шыркымбай, кулак-сулак, батрак-шатракты юмордук багыттагы кош сөздөр деп атасак жөндүү болгондой. Жазуучу тарабынан киргизилген жаңы сөздөрдү ар бир семинардык сабактарда, ал эми мектеп практикасында болсо чейректик, жылдык кайталоолордо, класстан-класска көчүрүү жана бүтүрүү экзамендеринде кеңири пайдаланып талдоо менен окуучулардын, келечектеги тилчи мугалимдердин активдүү сөз байлыгын, сөздүк запасын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алабыз
Эскертүү:
катар номерлер белгилүү болсун үчүн шарттуу эле коюлду
Добавить комментарий