Кулактандыруу! Убакыт келди!
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин VII агымына кабыл алууну баштады.
Эгер Сен ѳзгѳрүүнү кааласаң, жашооңузда ийгиликтүү адам болгуң келсе «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин лидерлеринин катарын толукта!
Окуу программасынын алкагында: 12 мотивациялык тренингтер, 10 пайдалуу жолугушуулар, 8 профессионалдык лекциялар жана экскурсиялар. Ал эми эң мыкты бүтүрүүчүлѳргѳ ѳлкѳбүздүн алдынкы ишканаларында практика / стажировка ѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүлѳт.
3 ай бою интенсивдүү окуу сенин жашооңо чоң ѳзгѳртүү киргизет. Орундар чектелүү! Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, алдыга умтул! Прогрессивдүү Демилгелер Фонду менен жигердүү жаштардын катарына кошулуп, жаркын келечекке багыт ал!
Коомдук мектепке катталуунун шарттары:
- Коомдук мектепке конкурстук негизде кабыл алынат:
1-этап: Келип түшкѳн билдирмелердин негизинде тандоо. Таржымалды/атайын билдирме формасын толтуруп электрондук формада www.fpi.kg сайтына (Долбоорлор → Кыргызстан жаш Элитасы → Коомдук мектеп бѳлүмүнѳ киргизүү) жеfpi.kg@mail.ru электрондук почтасы аркылуу жѳнѳтүү керек. Билдирмени кабыл алуунун акыркы күнү - 9-март 2017-жыл
2-этап: тандалган талапкерлер менен жолугушуу.
- Коомдук мектепке Кыргыз Республикасынын 18-25 жашка чейинки жаштары катыша алат.
- Окуу курсунун акысы 70% дык арзандатуу менен 3000 сом.
Толук маалымат жана катышууга билдирүү толтуруу Фонддун сайтында www.fpi.kg, ошондой эле байланыш телефону: 0312 690546, 0703 061210, 0772 051205.
Добавить комментарий