Мамлекеттин приоритеттүү тармактарын белгилөө
Башталыш мөөнөтү 20-04-2013
Бүтүү мөөнөтү 15-06-2013
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Улуттук краудсорсинг-платформасына “Евразиялык интеграция: Бажы союзу. Оң жана терс жактары, оптималдуу интеграция” темасы боюнчасунуштар жыйнагын (Коомдук документ) даярдоо үчүн эксперт чөйрөсүндөгү жана илим жаатындагы адамдардан, бизнес уюмдарынын өкүлдөрүнөн жана компетенттүү жарандардан идея жана сунуштарды күтөт.
Бул тема боюнча коомдук документти иштеп чыгуудагы процесске ылайык шарттарды түзүп берүү үчүн 6 000 доллар америкалык акчасы бөлүндү.
Жумушчу топ – эң мыкты краудсорсерлер, чакырылган специалист жана эксперттер, юристтер жумушчу топту түзүшөт. Жумушчу топтун негизги милдети белгиленген тема боюнч акоомдук документти иштеп чыгуу.
Краудсорсинг-платформасынын катышуучуларына, жарандарыбызга, юристтерге чакырылган специалист жана эксперттерге маанилүү маалымат:
!Бул тема төрт бөлүктөн түрат:
1. БС кирүүдө боло турган божомолдуу рисктер жана терс тараптар к
2. БС кирүүдө боло турган болжолдуу пайдалар жана эффективдүү тараптар.
3. Бардык риск жана пайдалардын салыштырмалуу анализи
4. Мамлекеттин приоритеттүү тармактарын белгилөө
Байге фонду тиешелүү түрдө жогорудагы төрт бөлүккө бөлүнөт.
Жеңүүчүлөрдү (мыкты краудсорсерлерди) аныктоо жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу ар бир бөлүк боюнча тапшырылат. Мыкты краудсорсерлер жалгыз бир адам же топ (коомдук документти даярдоо үчүн тобу менен иштейбиз деген каалосу барлар) болушу мүмкүн. Жогорудагы тема боюнча Фонд менен биргеликте иш алып барууүчүн жеке адам мыкты краудсорсер катары табылып, максимум 500 доллар, ал эми топ максимум 1500 доллар ала алат. Ошондой эле бөлүктөр боюнча активдүү катышуучуларга да белектер берилет.
Мыкты краудсорсерлер - бул:
- Краудсорсингге профессионалдуу, негиздүү, көрсөтүлгөн бөлүк боюнча инновациалык идеяларды билдирген активдүү жаран;
- Өзүнүн идеясы үчүн мүнөздүү сунуштарды жана көптөгөн колдоолорду алган краудсорсер. Чечим колдоолордун санына жана сапатына жараша чыгарылат;
- Өзүнүн идеясы үчүн башка колдонуучулардан көп добуш алган краудсорсер.
Эскертүү:
· Краудсорсинг-платформасынын катышуучулары (жеке адамдар же топтор) бир теманын бир бөлүгү боюнча же болбосо башка темалардын да дароо бардык бөлүктөрү боюнча жеңүүчү деп табылышы мүмкүн
· Байге фонду 2013-жылдын 10-июнуна чейин ойнотулат;
· Акчалай сыйлыктар мыкты идеялар үчүн гана берилет;
· Краудсорсинг платформасына тобу менен катышам дегендер Фондко келип, шарттар менен таанынышуусу керек;
· Байге фонду мыкты краудсорсерлер(жеңүүчүлөр) табылып, конкреттүү жыйынтык алгандан кийин гана ойнолуп бүттү деп эсептелинет.
Көңүл буруңуз!!!
Биринчи этап жана краудсорсингдеги биринчи суроо – БС кирүүнүн рисктери. Тапшырма – БС кирүүдө боло турган божомолдуу рисктер жана терс тараптар. Максат – негизги рисктерди белиглөө менен мамлекет БС киргенден кийин кандай маселелерге кабылышы мүмкүндүгүн так белгилөө.