Бишкекте “Акыл тирек” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот
30.08.2013 http://www.super.kg/kabar/news/30355/
Бишкекте “Акыл тирек” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот
7-сентябрда саат 11:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Акыл тирек” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Бул туралуу "Прогрессивдүү демилгелер" фонду билдирди. Маалыматка ылайык, аталган фонд тарабынан 2013-жылы экономика жана мамлекеттик башкаруу тармагында маанилүү жана пайдалуу ɵзгɵрүүлɵргɵ жол ача турган ɵзгɵчɵ илимий эмгектердин “Акыл тирек” сынагы жарыяланган. “Келечекте салттуу боло турган жарыштын максаты - ɵзүбүздүн акылмандарыбыздын асыл ойлорун жана эмгектерин баалап, даңазалоо менен мамлекетибизде идеялык чоң бурулушка түрткү берүү, ири ɵзгɵрүүлɵргɵ негиз боло турган улуттук акыл казынабызды куруу”,- деп жазылган билдирүүдө. Ал эми фонддун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков:“Мекендештердин аналитикалык изилдөө иштерин топтоо өнүгүү багыттарын аныктоочу баалуу практикалык документтердин негизин түзүп, жергиликтүү идея жана демилге өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат”,- деди. Ошондой эле ушул долбоордун алкагында өз адистиги боюнча илимдин өсүшүнө салым кошуп жаткан жаш окумуштуулар Кыргызстандын бардык аймагындагы жогорку окуу жайларынан жана Улуттук илимдер академиясынан тандалып алынып, алардын эмгектери да бааланмакчы.
30.08.2013 http://www.super.kg/kabar/news/30355/
Добавить комментарий