10-майда акция болуп ѳттү
Кезектеги масштабдуу тазалык акциясы "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин лидерлери жана «Эмгек» саясий партиясынын жаштар канатынын бириккен күч аракети менен ишке ашты.
Тазалык кайсы гана жерде болбосун эң башкы орунда. Шаарыбыздын жана ɵлкɵбүздүн тазалыгына салым кошуу максатында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду ар жыл сайын ɵз салымын кошуп келет. Бул жылы дагы Фонд тарабынан парктарды жашылдандыруу, кɵрктɵндүрүү жана тазалоо аракеттери улантылып келет. Кезектеги масштабдуу тазалык акциясы "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин лидерлери жана «Эмгек» саясий партиясынын жаштар канатынын бириккен күч аракети менен ишке ашты. Аталган акция үстүбүздɵгү жылдын 10-майында уюштурулуп, анын алкагында шаарыбыздын чет жакасындагы мамлекеттик жаратылыш паркы, 130 дан ашуун жаштардын дем күч аракети менен ар кандай таштандылардан тазаланып, эс алууга барчу жарандардын ыраазычылыгына ээ болду
Добавить комментарий