5-оюнда Бишкек Финансы-Академиясынан "Кыргызстандын суусу-дүйнөлүк бренд" долбоору жеңип чыкты.
12 май күнү Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясынын концерттик студиясында "Кыялымдагы Кыргызстан-өлкөнүн өнүгүү" модели телеоюнунун 5-чыгарылышы тартылды.
12 май күнү Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясынын концерттик студиясында "Кыялымдагы Кыргызстан-өлкөнүн өнүгүү" модели телеоюнунун 5-чыгарылышы тартылды. 5-оюнда 3 команда: Велобишкекчандар "Велотуризм" , Бишкек Финансы-Академиясынан "Кыргызстандын суусу-дүйнөлүк бренд" жана Кыргыз Мамлекеттик Архитектура жана Курулуш Университетинен "Жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуз кыймылын уюштуруу" долбоорлорун презентациялашты. Баардык командалар долбоорлорун жактап, видеосюжеттер менен коштоп кетишти. Белгилей кетчүү нерсе ар бир долбоор терең изилденип, коротулуучу акчалары эсептелинип, көтөрүлгөн маселелердин чечүүчү жолдору көрсөтүлгөн. Жюрилер тарабынан берилген баалардын жыйынтыгында финалга Бишкек Финансы-Академиясынан "Кыргызстандын суусу-дүйнөлүк бренд" долбоору жеңип чыкты.
Финалга чыккан 5 командага ийгилик каалап, көрүшкөнчө демекчибиз!
Добавить комментарий