Фонд Эл аралык финансылык Бишкек-2014 форумуна 15-майда катышып келди.
Фонд Эл аралык финансылык Бишкек-2014 форумуна 15-майда катышып келди. Иш-чара «Кыргызстандагы банктардын союзу» ЮТБ тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарынын «Ак-Кеме» отелинде өттү. Бул форум салттуу түрдө жылына бир жолу өткөрүлүп, ага финансылык-кредиттик институттар, эл аралык уюмдар жана орто менен кичине бизнес структуралары катышып келишет.
Фонд Эл аралык финансылык Бишкек-2014 форумуна 15-майда катышып келди.
Иш-чара «Кыргызстандагы банктардын союзу» ЮТБ тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарынын «Ак-Кеме» отелинде өттү.
Бул форум салттуу түрдө жылына бир жолу өткөрүлүп, ага финансылык-кредиттик институттар, эл аралык уюмдар жана орто менен кичине бизнес структуралары катышып келишет.
Форумга Фонддон сырткары, телекоммуникация тармагынын, эл аралык төлөө системасынын, жергиликтүү жана чет элдик компаниялардын өкүлдөрү катышышты.
Фонддун атынан аткаруучу директор Жумадилов Эсенгелди , форумдагы дисскусияларда өз пикирин билдирип, кээбир финансылык компаниялар менен болочок кызматташтык маселелерин жана жаштарга колдоо көрсөтүү тараптарын талкуулап келди.
Форумдун секцияларындагы негизги темалар: лизинг, мобилдүү банкинг жана электрондук коммерция, каржы сабаттуулугу болду. Дискуссия аянтчасында финансылык инфраструктарынын өнүгүшү тууралуу да талкуу болду. Мобилдүү чечимге келүү үчүн жана айтылган ойлорду ишке ашыруу үчүн чоң бизнестердин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мамлекеттик бийликтин жетекчилеринин катышуусу керектиги белгиленди. Форум потенциалдуу өнөктөштөрдү табууга жана кыска, тез аралыкта кызматташтыкты баштоого мыкты шарт болду.
Эл аралык банктардын отуруму да бир мезгилде уюштурулуп, Россия, Украина, Казахстан, Азербайджан, Таджикистан, Узбекистан, Венгрия жана Польшадан өкүлдөр келишти.
Алдыңкы эксперт, финансист, банкирлер менен мобилдүү жана электрондук коммерция ири компаниялары докладдарын окушуп, узак алыстыкта банктык транзакцияларды кылуучу инновациялык чечимдерди изилдеп тапкандардын сунуштарына кулак төшөлдү. Мындан сырткары эл аралык финансылык мекемелердин, мамлекеттик органдардын кызматкерлери да билдирүүлөрүн окушту.
Маалымат катары: BIFF-2014 «Айыл Агро 2014» масштабдуу агрардык көргөзмөнүн официалдуу бөлүгү катары да кетмекчи. Белгилүү болгондой көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Ассоциация «Росагромаш» болуп саналат.
Добавить комментарий