Студенттик комитеттердин лидерлери “Ак Дил” айкөлдүк кыймылы тууралуу Меморандумга кол коюшту
17-апрелде 2014-жылы Бишкек шаарындагы ЖОЖлардагы студенттик комитеттердин лидерлери “Ак Дил” айкөлдүк кыймылы тууралуу Меморандумга кол коюуга Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун офисинде чогулушту.
Бул Меморандум Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын үстөмдүгү, демократия, коллегиялуулук, ресурстар жана аракеттерди бириктирүү, ачыктык, өз эрки менен ишмердүүлүк, кызыккандык, пайдага чаппоочулук, руханий байлыктардын приоритети, укук менен милдеттин теңдиги принциптерин камтыйт.
Тараптар Прогрессивдүү Демилгелер Фонду менен кызматташуу тууралуу келишим түзүп, “Ак Дил” айкөлдүк кыймылынын алкагында биригүүгө даярдыгын баса белгилешти.
Кошумча, ушул Меморандум достук мамилени тургузуп, жаштардын жараткыч, социалдык тармакка багытталган жана активдүү ишмердүүлүгүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Күн тартибине төмөнкү пункттар коюлду:
- “Ак Дил” айкөлдүк кыймылы тууралуу Меморандумга кол коюу.
- 19-апрельде өтө турган масштабдуу ишембиликке даярдануу
- Студенттер даярдаган концерттик программа
Добавить комментарий