2014-жылдын 17-июлда «Келечекти пландаштыруу» аттуу биринчи тренинги болуп өттү
2014-жылдын 17-июлунда көптөн күткөн калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүүгө багытталган «Келечекти пландаштыруу» аттуу тренинг болуп өттү.
2014-жылдын 17-июлда көптөн күткөн калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүүгө багытталган «Келечекти пландаштыруу» аттуу тренинг болуп өттү. Бул тренинг «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун «Ак Дил» жаштар кыймылынын офисинде өткөрүлдү. 20 катышуучу 5тен 4 тайпага бөлүнүп, тренингдин башынан аягына чейин тайпанын ичинде иштешти. Белгилеп кетсек, бул тренинге ар кандай курактагы жана ар башка кесиптеги катышуучулар болду. Тренинг абдан кызыктуу жана билим берүүчү оюндар менен коштолуп, ари бир тайпа 1ден үй бүлөөнүн «Асановдор, Калмырзаевдер и Асаналиевдер» бюджетин жазып чыгышты. Бул оюн аркылуу өзүнүн жана үй бүлөөсүнүн каражаты каяктан келип жана каяка кетип жатканын көрүп, үй бүлөлүк бюджетти пландаштыруу керек экенин билишти. Баарыбызга белгилүү болгондой калкыбызда финансылык сабаттуулуктун жетишбегендигинен кредит менен көрүнөөрлүк проблемалар бар, ошондуктан бул тренингде катышуучулар бир кыйла маанилүү болгон «кредиттин тузагына түшүү» терминин жана андан кантип кутулуу керек экенин билишти. Кээ бир темалар аябай кызыктуу болгондуктан, бардыгы чоң талкууга кирип, убакыттын кантип өткөнүн байкабай калышты. «Элдом» консалтинг компаниясынын тренерлери Мырзаш Шабданбекова жана Нуржан Дүйшө кызы аудиториядан позитивдүү энергетиканы сезгендерин жана ошон үчүн катышуучулар менен иштеген оңой болгонун айтып кетишти. Аягында «Бай-Түшүм» банкы тарабынан уштурулган кофе-брейктен бири-бири менен жакындан таанышышып дос күткөнгө да үлгүрүштү. Катышуучулар алган билимдерин колдонушуп, үйлөрүнө баргандан кийин финансылык жана финансылык эмес пландарын жазышаарын айтып, ыраазы болуп кетишти.
Бул тренинг алдыда дагы 3 күн болмокчу, андыктан Сиз да пайдалуу тренинге катыша аласыз! Тренерлер мындай тренингдер Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп тураарын айтып кетишти, бул абдан кубанычтуу, анткени биздин калкка ушундай билимдер чындыгында керек.
Добавить комментарий