2014-жылдын 14-июлда «Кел бөлүшөлү» долбоорунун бүтүрүү кечеси болуп өттү.
4 күндүк тренинг ичинде жаш тренерлер катышуучулары менен аябай жакындап, достошушту. Катышуучулар тарабынан тренерлерге абдан көп ыраазычылыктар айтылды.
2014-жылы 14-июлдан 19-июлга чейин «Прогрессидүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович тарабынан, прогрессивдүү жаштарды колдоо максатында «Кел бөлүшөлү» аттуу долбоору болуп өттү.
Учурда жаштардын проблемасы - түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, терс көнүмүшкө айланган адаттары. «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу миссиясын сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да ашырып, Мекенибиздин ар кайсыл бурчтарындагы жаштар арасындагы достук мамилени түзүп, Кыргызстандын жаңы элитасын түзүүдө. Ош шаарындагы жаштардын аң-сезимин(өз мүдөөсүн) жогорулатуу максатында, Ош мамлекеттик университети менен биргеликте дагы бир долбоору ишке ашырылды.
Авазова Айчолпон жана Шайдуллаев Бакыт тренингдер өтүүлүчү жай жана студенттердин катышуусун камсыз кылуу үчүн, долбоор башталаардан 1 жума мурун Ош шаарына барып, ОшМунун ректору жана Ош шаарынын жаш лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
2014-жылдын 14-июлунда Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын жаш лидерелери» коомдук мектебин бүтүргөн, 10 даярдалган жаш тренерлер менен биргеликте «Кел бөлүшөлү» аттуу долбоорунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Окуу курсуна төмөнкү 4 темадагы тренингдер камтылган:
1. «Чечендик өнөр»;
2. «Максат, кыялдануу жана өзүн өзү өнүктүрүү»;
3. «Ийгиликти пландоо (өз каражатын туура пайдалануу)»;
4. «Өлчөмсүз жашоо (стереотиптерден арылуу, өзүнө ишенүү)»;
5. «Убакытты туура пайдалануу».
Ачылыш алдында тренерлер катышуучуларды каттоодон өткөзүп, алардын бош убактысын эске алуу менен 2 сменага: эртең менен 9:00-12:00 жана кечки 17:00-20:00 чейин 4 группадан кылып 8 группага бөлүштү. Ош шаарынын жаштары ушундай тренингдерге кызыгып келишкени жана биринчи күндөн баштап эле көздөрүнөн чын жүрөктөн кызыгуу менен катышып жатканы билинип турду.
15-июлдан 18-июлга чейин 150 адамдан ашык катышуучуларга тренингдер өткөрүлдү. Экинчи күндөн баштап катышуучулардын саны көбөйүп жатты. Белгилеп кетүүчү жагдай - катышуучулардын активдүүлүгү жана тренингдин эң жаш катышуучусу 12 жаштагы окуучу болуп, аягында ал өз оюн эркин айтып жана өзүн эң мыкты көргөзө алды. Дагы, негизги максат коюлган аудиториядан тышкары ЖОЖдордун мугалимдери, Ош шаарынын окуучулары, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана коомдук ишкерлер да болду. Катышуучулардын курагы 15 жаштан 35 жашка чейин болуп жатты. «Сулайман-Тоо аймак кеңеши» жана «Youth of Osh» жаштар уюмдары дагы катышышты. Пландалгандай эле катышуучулардын орто курагы 18 жана 19 жаштагы Ош шаарында окуган 1,2-курстагы студенттер жана Бишкек шаарында окуган 15 чактуу студент болду.
Группадагы катышуучулар тренингдерди кызыгуу менен угушуп, көптөгөн суроолорун берип, канааттандыраарлык жооп ала алышты. Группадагы студенттер биригишип тренингдин бүтүрүү кечесине көптөгөн идеяларды айтышып, дагы жаңы идеяларды ойлоп таап даярданышты.
Атайын түзүлгөн коомдук желедеги «Кел бөлүшөлү» аттуу группада катышуучулардын уюштуруу тобуна болгон ыраазычылыктарынан:
· Ооба! Ушундай да болот экен! 4 күндүк тренинг мен үчүн 4 секундадай эле өтүп кетти. А бүгүн бүтүрүү кечесинде биздин жакшынакай тренерлерибиз менен коштошуу аябай оор болду. Биз аларга ушул 4 күндүн ичинде жакындап, ал турсун достон да көбүрөөк жакын болуп калдык. Биздин кызыкчылыгыбыз бирдей болуп, «бир тилде» сүйлөп, эң негизгиси биздин максатыбыз бир болду. Жашоомдо ушундай жакшы адамдарга жолукканыма абдан кубанычтамын жана бул дагы биринчи жана акыркы эле жолугушуу болуп калбасына үмүттөнөм.
· Биздин жашообузга эң керектүү болгон нерселерди үйрөткөн, биздин мыкты тренерлерибизге чексиз ыраазымын! Сиздердин берген чексиз кеңешиңерди ар дайым эстеп жүрөбүз. Сиздерге абдан чоң ыраазыбыз! 18 жашка чейин үйрөнө албагандарымды ушул 4 күн ичинде үйрөндүм, бул башкалар үчүн кичинекей тренинг болсо, мен үчүн бул чоң жетишкендик болду. Биздин Мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошууга, бул биздин максатыбызга жетүүнүн башталышы болсун. Айрыкча, жаштарга ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берип жаткан, «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун негиздөөчүсүнө ыраазымын!
· Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун БАРДЫК жаш жана позитивдүү тренерлерине чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем! Сиздер кубанычта биз менен кызыктуу маалыматтар менен бөлүшкөнүңүздөр үчүн, ар бир күнүбүз кызыктуу болуп жатты. Бардык тренингдер жакшы даярдалгандыктан, абдан кызыктуу болуп жатты. Мен Сиздерден көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алып, өзүмдүн үстүмдө иштөөгө кызыгып калдым деп ишенүү менен айта алам. Мен көптөгөн эң жакшы адамдар менен таанышып, достоштум.
· Ушул долбоордун бардык уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин эмгегиңиздер үчүн, сабырдуулугуңуздар үчүн ыраазыбыз! Бизге ишенгениңиздер үчүн жана ушуну менен өзүбүздү өзүбүзгө ишенгенге жардам бергендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!
· Сиздердин берген тренингдердин натыйжасында, мен ойлорумду туура колдонууну, бир нерсени айтып берүүдөн, өз оюңду айтуудан коркпош керек экенин, баарлашууну туура жана сабаттуу алып кетүү, өзүңө ишенүү жана башка көптөгөн пайдалуу нерселерди үйрөндүм. Сиздердин эмгегиңиздер жана сабырдуулугуңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем, эми биз өзүбүздүн жолубуз менен туура кете алабыз!
Тренерлердин долбоор жөнүндө айткан сөздөрү:
Ардак Чапаев: Мен үчүн, Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун иш аракети аркылуу көп нерсени билүүгө мүмкүнчүлүк болду. «Кел бөлүшөлү» долбоорунун катышуучуларынын көздөрүнөн кубанычты көрүп турдум. Албетте, ушул сегиз күндүн ичинде жасалган иштерге тренерлер кош көңүлдө калган жок жана Фонддун кызматкерлери баарына ыраазы болушту. Биринчиден долбоордун жаратуучусуна, андан кийин Фондго жана бизге ишенип, колдоп келишкен коомдук мектептеги бир туугандай болуп калган кесиптештериме чын жүрөгүмдөн ыраазымын! Силерсиз биз ушундай ишти кыла алмак эмеспиз! Жана дагы биздин чындыгында жакшы жана таланттуу, алга умтулганга даяр жана өзүлөрүн өркүндөтүүдөн чарчабаган балдарыбызга өзүнчө ыраазычылык!
Айчолпон Авазова: «Кел бөлүшөлү» долбоору – бул менин ички жан дүйнөмдүн бир бөлүгү, бул мен каалап жашагым келген адамдар жана Кыргызстан, бул ичимден көргөзгөн ак ниеттүү, сүйүү, боорукерлик идеал. 4 күндүн аралыгында студенттердин гана эмес, тренерлердин да көздөрүнөн жаркыраганын көрдүм.
Алтынай Алсаитова: Биз биринчи күндөн баштап эле өзүбүздүн студенттерибиз менен күч алып, кийинки тренингге кунт кою менен даярдана баштадык. Бардык өтүлгөн тренингдерден кийин, мен катышуучуларды өзүмдүн балдарымдай кабыл алып калдым. Кайра Бишкекке келе жатканда, Ош шаарына өзүбүздүн бир бөлүгүбүздү калтырып келе жаткандай сезим болду.
«Кел бөлүшөлү» долбоорунун катышуучулары күзүндө боло турган коомдук мектепти чыдамсыздык менен күтүп, катышууну каалап калышты.
16,17 жана 18-июлда Алмаз Кулматов жана Марат Зарыпбек уулу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы жана мэри менен жолугушуп, «Дени сак улут, дени сак жаштар» акциясын уюштуруу иштери боюнча сүйлөшүлдү. 18-июлда акцияны уюштурууга укук коргоо органдары тарабынан макулдук берилип, акыркы жолугушуу болду. Ушул эле күнү эртең менен саат 10:00дө акция тууралуу «Прогессидүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди Жумадилович, «Чын Дилимден» коомдук фондунун лидери Кулматов Алмаз, Ош шаарынын жаштардын комитетинин төрагасы Досматов Камчыбек жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыковичтин катышуусунда пресс-конференция болду.
19-июлда эртең менен 9:00-13:00гө чейин Ош шаарынын ИИБ жана мэриясынын колдоосу менен «Дени сак улут, дени сак жаштар» акциясы өткөрүлдү. Ош шаары 5 аймакка бөлүнүп, ар бир команданын башында жаш тренерлер жана укук коргоо органдарынын коштоосу менен бардык спирттик ичимдиктер сатыла турган дүкөндөрдү жана камокторду кыдырышып, 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктердин сатылганына салынуучу штраф жана акциянын маанилүүлүгүн түшүндүрүп берип жатышты. 4 аймак Ош шаарынын ичинде жана 1 аймак спирт ичимдиктери көп сатылуучу жана өспүрүмдөргө тыюу салынбаган жай Кара-суу базары болду.
Бардык сатуучулар акциянын максатын түшүнүү менен кабыл алышып, наклейкаларды илүүгө уруксат берип жатышты. Акцияга «Кел бөлүшөлү» долбоорунун катышуучулары да катышып, акциянын иштерин жоопкерчиликтүү аткарып жатышты.
19-июлда саат 15:00дө тренингдин катышуучулардын атайын даярдалган концерттик программасы конокторго, ата-энелерине, Фонддун кызматкерлерине жана ошондой эле катышуучулардын өздөрүнө кызыктуу болду. Күтүлбөгөн номерлер, ыраазычылык сөздөр жана өздөрү чын жүрөктөрүнөн жасаган белектер ыйгарылды.
Бүтүрүү кечесинде тренингдин катышуучуларына, 4 күндүк тренингге катышкандыгын тастыктаган сертификаттарды «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусунун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди Жумадилович ыйгарды. Ош шаарынын долбоорго колдоо көргөзгөн жаш лидерлерге, ОшМУнун ректоруна, мугалимдерге, жеке ишкерлерге жана тренерлерге ыраазычылык баракчалары берилди.
4 күндүк тренинг ичинде жаш тренерлер катышуучулары менен аябай жакындап, достошушту. Катышуучулар тарабынан тренерлерге абдан көп ыраазычылыктар айтылды. Аны менен бирге жаш тренерлер тажрыйба жана көптөгөн жагымдуу сезимдерди алышышты.
Тренерлер өздөрүнүн лидерлик сапатын көргөзө алышты. «Кел бөлүшөлү» долбоорунун максаты 200% ишке ашып, тренингдин башында уялган жана токтоо балдар, бүтүрүү кечесинде сахнага Кыргызстанды жакшы тарапка өзгөртүүгө салымын кошкусу келген шайырдуу жана активдүү болуп чыга келишти.
Добавить комментарий