Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

19-майдан 23-майга чейинки коомдук мектепте өтүлгөн сабактарга макала

19-майдан 23-майга чейинки коомдук мектепте өтүлгөн сабактарга макала

     «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин кезектеги сабактары уланууда. Билим алып жаткан балдар-кыздарга ар күн сайын кызыктуу тренинг, лекциялардан тышкары, белгилүү компанияларга саякат, ишкер адамдар менен жолугууга да мүмкүнчүлүк болуп жатат. «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу түзүп берген мындай мүмкүнчүлүктөрдү студенттер баалап, активдүү катышып жатышат.

Бул жумада Жогорку окуу жайларынын чоң залдарында биригип, чогуу лекцияларга катышышты. Көбүнчө окуучулардын күткөн темалары ушул жумага келип калганбы, айтор бул аптадагы ар бир күн студенттерге кызыктуу болду. Айта кетсек, жаш лидерлерди келечекте мамлекеттик деңгээлдеги чоң жолугууларга даярдык катары ишкерлердин этикети жөнүндө сабак болуп, аны Орозалиева Акима Султановна өттү. Эженин ар бир айткан сөзү, кеңеши маанилүү экенин билип, ар бир студент көңүл коюп угуп, ал тургай артта отургандар туруп алып дагы угуп жатышты.

       Бул жөнүндө Каныбек кызы Гульпери аттуу студенттин: «Бизге эң керектүү тема болду. Биринчи эле, сүйлөшүүгө барганда кийимибизден баары билинет. Туура кийингенден баштап, стол даярдоонун этикасына чейин айтып, үйрөттү. Лектор бизди кийин этикага туура келбеген нерселерди жасап, же туура эмес кийинип албагыла дегендей, бир топ саясатчы же белгилүү адамдардын да кээ бир катачылыктарын мисал катары айтып жатты. Мен этикет боюнча көп нерселерди билип алдым. Лекторго ыраазычылык билдирем» - деген оюн далил катары айтсак болот.

Келечек мамлекет элиталары үчүн ошондой эле «Кыргызстандын акча-кредит тарыхы» деген темада, мурда Улуттук банкта иштеп кеткен Абдыбалы тегин Сүйөркул агай лекция окуп, аягында суроолорго жооп берди.

   Ушул эле аптада Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысынын орун басары Жумакадыров Темир Курмангазиевич келип, коомдук мектептин студенттерине эки жумада бир берилчү сертификатты өз колу менен тапшыруудан баштады. «Мамлекеттик коопсуздук. Коррупция менен күрөшүүнүн ыкмалары» деген темада өз оюн түшүндүрүп, коррупция менен эле эмес, анын келип чыгыш себептерин алдын алып, алар менен да күрөшүүнү айтты. Лекциянын аягында студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, каалоо-тилектери менен кошо кеңештерин да айтып кетти.

     Башында айтылып кеткендей, бул жумада кызыктуу лекциялар эле эмес, кызыктуу баарлашуулар да болду. Анткени, ушул жумада кыргыздын белгилүү ишкери Табылды Эгембердиев агай келип, студенттер менен өз тажрыйбасынан бөлүшүп, залдагы бардык студенттин маанайын көтөрдү. Залдан ар кандай суроолор берилди, анткени мындай үлгүлүү ишкердин жашоосу, ийгилиги ар бир жаш лидерге кызык болчу.

       Ушундай билимге кызыккан демилгелүү студенттердин бул аптадагы сабактар, жолугушуулар кандай өтүлгөндүгү боюнча, кандай жаңы нерселерди алгандыгын билүү үчүн катышуучулардын бири Мелис уулу Тилектин оюн сурап көрдүк: «Жуманын эң биринчи күнү өтүлгөн «Ишкердин этикети» боюнча айтсам, этикага байланыштуу айткандарынын баары мен үчүн кызыктуу болду, көп нерсени билип алдым. Көбүнчөсү Кыргызстанда колдонулбайт экен деген ойго келдим. Ал эми, Табылды Эгембердиев агайдын айткандары, тажрыйбалары бизге эң керектүү деп ойлойм. Анткени, ар кандай темада, ошонун ичинде үй-бүлө, ийгилик, ишкерлик темалары болду», - дейт.

   Ал эми кийинки студенттин кесиби юрист болгондуктан: «Сиздин жеке көз карашыңызга ылайык, Кыргызстанда коррупция боюнча күрөшүү канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?» деген суроо менен кайрылдык: «Паракорчулукту, менимче, жоюу мүмкүн эмес. Анткени ал тээ качанкы жылдардан бери бар. өлкөдө коррупция университеттерде көп. Бирок, паракорчулук менен күрөшүү боюнча Кыргызстанда кичинекей кадамдар жасалып жатат», -  деген жообун берди коомдук мектептин студенти Анварбеков Болотбек.

      Жыйынтыктап жатып, коомдук мектептин студенттери өлкөбүздөгү ар кайсы Жогорку окуу жайларынан келишсе да, бири-бирине канча жылдан бери тааныштардай жакын болуп, ошону менен бирге чогуу демилгелерин көтөрүп, иштеп жаткандарынан улам, эртең бул мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн өлкөгө 100 лидер даяр болду деген сөздү кошо кеткибиз келди. 

 

Болотбек кызы Жылдыз,

«Кыргызстандын жаш лидерлери»  коомдук мектебинин окуучусу,

КНУнун студенти.  

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо