Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

2014-жылдын 19-мартында «Космопарк» борборунда Кыргызстан жаш лидерлеринин жыйыны болуп өттү.

2014-жылдын 19-мартында «Космопарк» борборунда Кыргызстан жаш лидерлеринин жыйыны болуп өттү.Жыйынды Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 2014-жылды жаштардын консалидациясына арноо менен баштады. Интеллектуалдык, патриоттук сезимдерге бай жаштардын жана жарандардын башын бириктирүү максатын коюп, 19-мартта Кыргызстан жаш лидерлеринин жыйынында 4 жаштарга арналган программанын бет ачарын жасады:

2014-жылдын 19-мартында «Космопарк» борборунда Кыргызстан жаш лидерлеринин жыйыны болуп өттү.

Жыйынды Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 2014-жылды жаштардын консалидациясына арноо менен баштады. Интеллектуалдык, патриоттук сезимдерге бай жаштардын жана жарандардын башын бириктирүү максатын коюп, 19-мартта Кыргызстан жаш лидерлеринин жыйынында 4 жаштарга арналган программанын бет ачарын жасады: «Коомдук мектеп «Кыргызстан жаш лидерлери»; «Айкөлдүк кыймылы «Ак Дил»; «Кыялымдагы Кыргызстан– өлкөнүн өнүгүү модели”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаш архитекторлорунун клубу ”   

Идеянын негизи мамлекеттин болочок элитасын түптөөгө салым кошуу болду. Аталган программалардын да максаты бул жаштардын потенциалдарын ачуу жана эң мыкты сапаттарын өнүктүрүү.

Фонддун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович, жаштар терең потенциалга ээ экенине бекем ишенет. Жаратман иштерди аткаруу күчү да, акылы да жетиштүү деп билет. Жыйынды баштоодо: «Жаңы, илимдүү жаш элитаны куруу керек. Жаштарга туура багыт көрсөтүү зарыл жана жаратман иштерге, ойго бай адамдар коомдо көпчүлүктү түзүп, эмгек, чындык жана интеллект менен конструктивдүү чечимдерди жасап актуалдуу маселелерди чечүүгө кириши керек» деп белгиледи.

Коноктордун катарын Президенттик аппараттын өкүлдөрү, Илимдер Академиясынын жетекчилиги, министрлик жана ветерандардын кеңешинин, аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү толуктап, ой-пикирин билдирип кетишти.  Эл аралык адам өнүктүрүү борбору «САМО», ошондой эле коомдук жана жаштар уюмдарынан  келген коноктор, эл аралык эксперт проф. Чунг Янг Линин катарында отурушту.

Жыйынга Фонддун максаттарын колдогон жарандар келди.  500гө жакын лидер өз командалары менен ЖОЖлардан, Нарын, Ысык-Көл, Ош аймактарынан да жаштар келип кошулушту. Жыйында партиоттук дух атмосферасы болуп, катышуучулар бош жаткан идеологиялык вакуумду толтурууга дилгир экендиктерин белгилеп айтып кетишти. Трибунага чыгып, Фондко ыраазычылык билдирип, программаларга чын дилинден катышып жатышканын айтышты. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн эч кандай тоскоолдук боло албашын, болгон аракеттерин жумшаарын ант беришкен жаш лидерлер коомго пайда алып келүүгө даяр калышты.  Бул лидерлерди зал ордунан туруп, кол чаап колдоду.   Бул колдоолор коомубуздагы жаратман иштерге умтулган интеллектуалдуу жаштардын аз эмес экендигин тастыктады.

Жыйындын модератору, Фонддун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди – белгилүү коомдук инсан, Кыргызстандын демин, элдин демилгесин көтөрүүгө умтулган адам. Ал өзүнүн cөзүндө чоң потенциалга ээ болгон жаштардын канчалаган сертификаттарга ээ экенин, бир нече чет тилдерин билүүлөрүн айтып, мындай чоң күчтү туура багытта колдонуу керектигине токтолду.

Мындан кийин Фонддун программаларынын презентациялары башталды. Жаштарга багытталган бул программалар жалпы бир максатты, Кыргызстандын жаш жаңы элитасын куруп баштоону көздөгөнү менен, ар бири бири-биринен кыйла айырмаланып турат.

         «Коомдук мектеп «Кыргызстанын жаш лидерлери» программасы төмөнкү суроого жооп табууга аракет кылат: эмне үчүн кээбир мамлекеттер кедей, экинчиси бай? Жооп жөнөкөй: себеби- адамдык потенциал жана кадрлар маселелси же чечилген, же чечилбеген. Бул маанилүү маселени Фонд чечүүгө аракетин баштап, жаш лидерлерди тарбиялоого киришти. Ал үчүн үч айлык курстарды түзүп, бул мүмкүнчүлүктү тандалган 100 балага сунуштады. Бул ары таланттуу, ары билимдүү жаштар кошумча билим алып, өздөрүндө катылып жаткан лидерлик сапаттардын дагы терең жактарын ачууга, өз пландарын туура түзүп, ишке ашырууга жардам берилет. Курстун негизги максаты жаштарды өз адистигинен сырткары мыкты лидер катары өстүрүү жана коомго пайда алып келүүлөрүнө шарт түзүү. Ошону менен бирге мындай мыкты кадрлар үчүн иш орундары менен камсыз болууга жардамдар да каралат. Түшкөн 600 билдирүүдөн анализдин жана жолугушуулардын негизинде туура амбициалуу, бир нече чет тилин билген, максаттуу жаштар тандалды.  

«Ак Дил» айкөлдүк кыймылы» коомбуздагы патриот активисттердин башын бир максат алдында бириктирүүгө багытталган. Бул командалар маалыматтык, социалдык, патриоттук, экологиялык иш-чараларды автономдуу түрдө жана бекитилген календардык пландын негизинде масштабдуу аракеттерди коом үчүн жасап келишет. Бүгүнкү күнү 20 «Ак Дил» командасы топтолду. Командалар астында 500дөн ашуун жаштар катталган. Бул командалар жакынкы араларда конкреттүү иштерди жасоого киришишет.

“Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаш архитекторлору клубу” «Акыл Тирек» жарышынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү тарабынан демилгеленип түзүлдү. Бул жаш илимпоздор да ар түрдүү багытта илимий стратегиялык изилдөө иштерин жасоого дилгир экендиктерин билдирди. Экономикалык өнүккөн, башкаруусу мыкты жана укуктук өлкө моделине жетүүнү көздөшүүдө. Фонд бул демилгени колдоп, жаш интеллектуалдардын идеяларынын генерациясы түзүлмөкчү.

Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели” конкурсу 16 жаштан 30 жашка чейинки жаштарды мамлекеттин келечегине кайдыгер каратпастан, кошулуп өз сунуштарын берүүгө үндөйт.  Конкурс телеоюн форматында болуп, катышуучулар улуттук духту, улуттук кыялды табууга аракет кылышат. Конкреттүү долбоорлору менен өнүгүүнүн так жолдорун көрсөтүп далилдешмекчи.

Фонддун өнөктөштөрүн өзгөчө белгилегибиз келет. Алар жаштарды түздөн-түз колдоп, чыныгы лидер болуулары үчүн бардык шарттарды түзүүгө жардамдашууда. Алар: Кыргыз –Турк «Манас» университети, Кыргыз экономикалык университет, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети,  Финансылык  компания "Сенти", «Человеческие  ресурсы», «Бизнес  академия» тренинг борборлору, ОО "Клуб  Частных  Инвесторов".

Өнөктөштөр Фонддун программалары тууралуу жана жаштардын өзү тууралуу пикирлерин айтышты. КТУ Манас   Ректору Себахаттин Балжы Фонд өз ишмердүүлүгүн 5-6 адамдан баштаган эле, Мына эми 1000 прогрессивдүү ойлонгон жаштардын башын бириктирип турат деген сөзүндө дайым мындай коом үчүн жасалып жаткан демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.

Ректор КЭУ, Камчибеков Толобек Кадыралиевич мындай программалар мамлекеттик масштабда ишке ашырылышы керектигин белгиледи. Мамлекеттик мекемелердин колдоосу сөзсүз болуусун жана Фонддун эч нерсеге карабастан жаштар политикасын баштоосуна кубангандыгын айтып өттү. Дайым мындай жаратуучу иштерге даярдыктарын дагы бир жолу айтты.

Ректор БГУ, Мусаев Абдылда Инаятович   жаштардын бир гана жаратуучулук тарапка багыт алуусуна бекем токтолду.

Өзгөчө ыраазычылыкты КМТУ Раззаков атындагы университетинин проректору Белекова Гулмира эжеге айткыбыз келет. Ошондой эле, БГУнун эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Майчинова Гульзат эжеге да терең ыраазычылык билдиребиз. Экономика жана инновациялык технологиялар колледжинин директору Н. Жунушалиева эжейибизге да мобилдик иштерди аткарып берүүсү үчүн абдан чоң ыраазычылык билдиребиз.

         Жыйынды жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарына уюштуруучулар жана коноктор менен интервьюларга шарттар түзүлдү. Өзгөчө жаш лидерлер өз позицияларын абдан толкундануу менен телерадио өкүлдөрүнө айтып жатышты.  Алар бул кыймыл, мектептерге катталууга жана жаратман иштерди баштоого чакырып жатышты.  Бул суроо-жооптор алдыңкы теле каналдарда берилди: КТРК, ЭлТР,5 канал жана НБТ.

         Жыйындын эң негизги пикири баарыбыз үчүн Улуу Ата-Мекендик согуштун ветерандарынын кеңешинин төрагасы Токомбаев Тарас Алиевичтин сөзү болду: «Азыркы жаштар нравалык жана идеологиялык ваккум ичинде. Советтер Союзунун кулашы менен бул боштук кала берүүдө. Бир жаштардын уюумун түзүп, мурдагы ВЛКСМ сыяктуу, прогрессивдүү ойлонгондорду бир арага топтоп туруу керек. Албетте, бул миссияны Фонд баштоодо. Бул аракеттин башталышы бизди кубандырат жана сыймыктануудабыз. Жаш муунга ийгилик каалайбыз.»

Жыйындын негизги натыйжасы-жаңы жаш лидерлердин аттарынын аталышы. Мындай жаштардын бар экенин жана умтулууларынын тактыгын белгилөө болду. Булар Кыргызстандын келечегин өздөрү курууга даяр жана баштоо кадамында тургандарын айтышты.

Жыйынтыктап айтканда, программаларга старт берилди. Эми ар бир программанын ар бир кадамын ишке ашырууга киришилет. Фонд ар бир мындай сезимдүү жана патриот жашка чоң ишеничин билдирет. Ошол эле учурда тиешелүү шарттарды түзүп берүүдө. Бул шарттар келечек элитаны түптөлүшүнө кошулган салым деп билет.

 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо