20-май күнү коомдук мектептин кезектеги лекциясын Жумакадыров Темир Курмангазиевич окуду.
20-май күнү коомдук мектептин кезектеги лекциясын Жумакадыров Темир Курмангазиевич окуду.
2014-жылдын 20-май күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин кезектеги лекциясы болуп ѳттү. Бул лекцияны “Мамлекеттик коопсуздук, коррупция менен күрѳшүүнүн жолдору” темасында Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысынын орун басары Жумакадыров Темир Курмангазиевич окуду. Лекциянын башында, ар бир эки жуманын ѳтүлгѳн тренингдердин жана лекциялардын жыйынтыгы боюнча студенттерге сертификаттарды Темир Курмангазиевич ыйгарды. Мамлекетибизде коррупция менен күрѳшүүнүн жолдорунун иш жүзүндѳ жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы жылдын аягында билинээрин айтып ѳттү Студенттерибиз мамлекетибиздин коопсуздугу, коррупция жана башка тармактагы, ошондой эле Темир Курмангазиевичтин ѳзү жѳнүндѳ да суроолорун берип, жооп ала алышты. Акырында лидерлерибизге ийгилик каалоо менен бирге, ѳзүнүн кеңештерин берип кетти.
Добавить комментарий